«Enactus ЭАУ» командасы 200 миң сомдук грантты утуп алды!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин «ЭАУ Enactus» командасы Түштүк Кореянын «Good Neighbors» (“Жакшы коңшулар”) фондунун жана жаштар арасында социалдык ишкердикти илгерилетүү боюнча «Enactus Кыргызстан» долбоору менен биргеликте өткөргөн гранттар сынагына катышып келди. Аталган сынак Бишкек шаарындагы “Достук” мейманканасында үстүбүздөгү жылдын 4-февралында өткөрүлдү. Жаштардын бизнес долбоорлорунун сынагына республиканын жогорку окуу жайларынын 9 командасы катышты. Жеңишке 3 команда ээ болушту. Алардын ичинде  биздин «ЭАУ Enactus» командасы. Сынактын жеңүүчүлөрү өлкөбүздүн бир катар аймактарында өздөрүнүн социалдык долбоорлорун жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Биздин «ЭАУ Enactus» командасы Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылында жергиликтүү эл үчүн 200 миң сом грантка наабайкана кура турган болду. Коомчулукка маалым болгондой, 2019-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы. Айтылып жаткан жылда «ЭАУ Enactus» командасы жакшы демилге менен жакшы салым кошо турган болду!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Команда «Enactus МНУ» выиграла грант на 200 тысяч сомов!

Команда «Enactus МНУ» Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова приняла участие в конкурсе грантов, организованный фондом «Good Neighbors» (южнокорейский фонд «Хорошие соседи») и проектом «Enactus Кыргызстан» (проект по продвижению социального предпринимательства среди молодежи). Конкурс прошел 4 февраля сего года в отеле «Достук» г. Бишкек.  В конкурсе  молодежных бизнес проектов, приняли участие 9 команд вузов республики. Победителями конкурса стали 3 команды, в том числе «Enactus МНУ». Победители этого конкурса получили возможность реализовать свои социальные проекты в различных регионах страны. Наша команда будет реализовывать свой проект в Токтогульском районе, а конкретно в селе Сары-Согот. Проект команды «Enactus МНУ» подразумевает открытие пекарни в этом селе. Объем гранта составит 200 тысяч сомов. Это хорошая инициатива студентов МНУ в 2019 году - в Год развития регионов и цифровизации страны!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

409 View