ИШЕМБИЛИКТЕН КАБАРЛАР

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректораты, профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы “Тарбия тазалыктан башталат!” урааны жетекчилигинде тазалык акциясына активдүү катышып, “Спутник” кичи районунун Тарсус жана Жеңижок көчөлөрүн, “Нооруз” паркынын айлана-тегерегин таштандылардан тазалап, шыпырып, иретке келтиришти. Аталган ишембилик, тазалык акциясы майрамдык маанайда, зор демилге менен өткөрүлдү десек болот. Ишембиликке катышкан ЭАУ жетекчилигине, агай-эжекелерине жана студенттерине чоң ыраазычылык билдиребиз!

Баса, ишембиликтин катышуучуларына мэриянын демилгеси менен суусундуктар, минерал суулары жана квас бекер таркатылды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

ВЕСТИ С СУББОТНИКА

Ректорат, профессорско-преподавательский состав, сотрудники и студенты Международного университета имени К.Ш.  Токтомаматова (МНУ) 15 сентября сего года в честь Всемирного дня чистоты приняли участие в акции по наведению чистоты и порядка, общегородском субботнике города Жалал-Абад под девизом «Воспитание начинается с чистоты!». Сотрудники и студенты МНУ убрали мусор, навели порядок на улицах Тарсус и Женижок, а также на территории парка «Нооруз» микрорайона «Спутник». Названная акция по наведению чистоты и порядка прошла в праздничном духе, с должной инициативой. Выражаем искреннюю благодарность руководству, преподавателям и студентам МНУ, принявшим активное участие в субботнике!

Кстати, по инициативе мэрии участникам субботника бесплатно раздали напитки, квас и минеральную воду.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

243 View