История Международного университета имени К.Ш.Токтомаматова

Международный университет имени К.Ш.Токтомаматова (МНУ) был создан согласно Указа Президента Кыргызской Республики №VII-100 от 1 апреля 1993 года «О создании Коммерческого института Кыргызпотребсоюза в г. Джалал-Абад». В соответствии с данным указом вуз первоначально именовался Джалал-Абадским Коммерческим институтом, который был создан на базе Джалал-Абадского Кооперативного техникума (1966 г.) и Джалал-Абадского Кооперативного училища (1959 г.).

В том же 1993 году в составе университета согласно четырехстороннему договору между Фондом исследования тюркоязычных стран Турецкой Республики «Türk Dünyası», Министерством образования и науки Кыргызской Республики, Кыргызпотребсоюзом, Джалал-Абадской областной государственной администрации был создан Кыргызско-Турецкий факультет менеджмента, в 2008 году преобразованный в Международный Кыргызско-Турецкий институт.

В 1997 году состоялся первый выпуск с присвоением выпускникам квалификационно-академической степени бакалавра по направлениям «Экономика», «Менеджмент», «Коммерция». С того года по сей день университет окончили более 11 тысяч выпускников (с учетом 2015-2016 учебного года).

В соответствии с постановлением общего собрания Кыргызкоопсоюза (учредителя вуза, ранее Кыргызпотребсоюз) №4 от 16 июля 2005 года институт был преобразован в Академию экономики и предпринимательства. Решением коллегии Министерства образования и науки Кыргызской Республики №7/3 от 4 ноября 2005 года статус вуза был повышен и далее он стал именоваться Университетом экономики и предпринимательства, что было подтверждено постановлением Кыргызкоопсоюза №44 от 14 декабря 2005 года.

Постановлением №2 Кыргызкоопсоюза от 4 апреля 2017 года "О преобразовании Университета экономики и предпринимательства Кыргызкоопсоюза" был переименован в Учебно-научно-производственный комплекс "Международный университет" в городе Жалал-Абад.

Переименованию ВУЗа послужили основой такие факты, как качественное улучшение материально-технической базы, диверсификация основных и дополнительных структурных подразделений, дальнейшее продвижение международных связей.

Со дня образования университета ректор МНУ, президент университета, д.э.н., проф. К.Ш. Токтомаматов сплотив коллектив вуза, приложил все усилия для достижения успехов в научно-образовательном и материально-техническом плане, в плане улучшения кадрового потенциала профессорско-преподавательского состава, в плане качественной подготовки высококвалифицированных специалистов. В результате этих усилий УЭП в 2010 году был удостоен награды «MILLENIUM AWARD” (награда тысячелетия), а ректор МНУ был удостоен награды «INTELLECT OF NATION» (интеллект нации) Международного конгресса промышленников и предпринимателей, лидеров бизнеса, науки и культуры в г. Москва Российской Федерации, а также Европейской Бизнес Ассоциации.

С 2016 года ректором МНУ работал д.э.н., проф. А.А. Мамасыдыков, имеющий многолетний опыт и стаж работы в системе высшего профессионального образования. Ранее он занимал должность I проректора УЭП.

Постановлением №5 Кыргызкоопсоюза от 25 декабря 2017 года "О присвоении имени Токтомаматова К.Ш. Международному университету в г. Жалал-Абад" Учебно-научно-производственный комплекс "Международный университет" в городе Жалал-Абад был переименован в Учебно-научно-производственный комплекс "Международный университет имени Канторо Шариповича Токтомаматова".

С 23 января 2019 года Постановлением №2 Кыргызкоопсоюза ректором Международного Университета имени К.Ш.Токтомаматова был назначен С.А.Омурзаков - д.э.н., профессор, имеющий большой опыт в учебной и научной сфере.

По результатам 2016 года государственная официальная газета «Эркин Тоо» признала Университет экономики и предпринимательства лучшим вузом республики. Не менее авторитетная республиканская газета «Кыргыз Туусу» признала ректора МНУ, д.э.н., проф. А.А. Мамасыдыкова лучшим ректором 2016 года.

  • Международный университет в городе Жалал-Абад  – первый негосударственный вуз в Кыргызской Республике и странах СНГ, первая альтернатива государственным вузам в постсоветских странах.
  • Международный университет в городе Жалал-Абад – за 24 года своей деятельности полностью состоялся как самостоятельный вуз и субъект предпринимательской деятельности в сфере высшего профессионального образования.

Кантөрө Шарипович Токтомаматов атфындагы Эл аралык университетинин тарыхы

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 1-апрелиндеги №VII-100 «Жалал-Абад шаарында Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин Коммерциялык институтун түзүү жөнүндө» жарлыгына ылайык түзүлгөн. Аталган жарлыкка ылайык окуу жай адегенде Жалал-Абад Коммерциялык институту деп аталган. Окуу жай Жалал-Абад Кооперативдик техникумунун (1966-ж.) жана Жалал-Абад Кооперативдик училищесинин (1959-ж.) негизинде түзүлгөн. 

Ошол эле 1993-жылы Түркия Республикасынын «Türk Dünyası» аттуу түрк тилдүү мамлекеттерди изилдөө фондунун, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз керек-жарак коомдор биримдигинин, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын ортосундагы төрт тараптуу келишимдин негизинде институттун курамында Кыргыз-Түрк менеджмент факультети ачылат. Аталган факультет кийин Эл аралык Кыргыз-Түрк институту деп өзгөртүлөт.

Окуу жай 1997-жылы “Экономика”, “Менеджмент”, “Коммерция” багыттары боюнча бакалавр квалификациялык-академиялык даражасында алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. Андан бери окуу жайды 11 миңден ашык бүтүрүүчү аяктоодо (2015-2016-окуу жылын эске алганда).

Кыргыз кооперативдер биримдигинин жалпы чогулушунун (окуу жайдын негиздөөчүсү, мурунку Кыргыз керек-жарак коомдор биримдиги) 2005-жылдын 16-июлундагы №4 токтому менен институт Экономика жана ишкердик академиясы деп аталат. Андан көп узабай КР Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын 2005-жылдын 4-ноябрындагы №7/3 чечими менен окуу жайдын макамы жогорулап, Экономика жана ишкердик университети (ЭИУ) деп аталат.

Кыргызкоопсоюздун 2017-жылдын 4-апрелиндеги №2 "Кыргызкоопсоюздун Экономика жана ишкердик университетинин өзгөртүү боюнча" токтомунун негизинде "Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет" окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси болуп кайра түзүлгөн.

Өтүп кеткен жылдар аралыгында ЭАУ ректору, туңгуч президенти, э.и.д., проф. К.Ш. Токтомаматов жамааттын иш-аракеттерин бириктирип, илим-билим жаатында, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, профессор-окутуучулар курамынын сапатын арттыруу, студенттерди сапаттуу даярдоо багыттарында алгылыктуу ийгиликтерди жаратып келди. Натыйжада ЭАУ 2010-жылы Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Өнөр-жайчылардын жана ишкерлердин, бизнес, илим жана маданият лидерлеринин эл аралык конгрессинин, Европалык Бизнес Ассамблеясынын “MILLENIUM AWARD” (миң жылдыктын сыйлыгы) эл аралык сыйлыгы менен  сыйланган. Ошол эле жылы жана ушул эле уюмдардын “INTELLECT OF NATION” (улут интеллекти) эл аралык сыйлыгы университеттин ректору э.и.д., профессор Кантөрө Шарипович Токтомаматовго берилген.

2016-жылы буга чейин ЭИУнун I проректору болуп келген э.и.д., проф. А.А. Мамасыдыков - жогорку кесиптик билим берүү жаатында көп жылдардан бери такшалган, тажрыйбасы зор жетекчи - Эл аралык университетинин ректору болуп дайындалды.

Кыргызкоопсоюздун 2017-жылдын 25-декабрындагы №5 "Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетке К.Ш.Токтомаматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү"  токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет окуу-илимий-өндүрүштүк комплекси "К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет" окуу-илимий өндүрүштүк комплекси болуп кайра каттоодон өттү.

Кыргызкоопсоюздун 2019-жылдын 23-январындагы № 2 токтомунун негизинде "К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет" окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин ректорлугуна билим берүү жана илим жаатында мол тажрыйбага ээ болгон чыгаан инсан, э.и.д., профессор Сатыбалды Ашимович Омурзаков дайындалды.

Кыргызстандын алдынкы борбордук газеталарынан болгон “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин иликтөөсү боюнча Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети 2016-жылдын жыйынтыктары менен мыкты окуу жай деп аныкталган. Ушундай эле абройдогу “Кыргыз Туусу” гезитинин иликтөөсү боюнча Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор А.А.Мамасыдыков 2016-жылдын мыкты ректору деп аныкталды.

  • Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети – Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ичинен эң алгачкы мамлекеттик эмес мүнөздөгү, жаңы типтеги жогорку окуу жай, б.а. мамлекеттик жогорку окуу жайларга болгон алгачкы альтернатива.
  • Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университети – 24 жылдан бери аталышына ылайык жогорку кесиптик билим берүү жаатында ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткан мекеме жана ишкердик субъекти.