К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин эмгек маянасы жогорулатылды!

Кыргыз Республикасынын Мугалимдер жана билим берүү кызматкерлеринин күнү алдында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин майрамдык маанайы эки эсе көтөрүлдү, анткени куттуктоолор, акчалай сыйлыктар, ардак грамоталар жана “ЭАУга эмгек сиңирген ишмер” медалдары менен бирге ректораттан жагымдуу жаңылык жарыяланды – профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин эмгек маянасы 30%дан 60%га чейин жогорулатылды. Мындан сырткары, буга чейин өткөрүлгөн ички аттестациянын жыйынтыктары боюнча аттестациядан ийгиликтүү өткөн окутуучулардын жана кызматкерлердин эмгек маянасына дагы 60%га чейин кошумча жогорулатуулар болду. Бул жагымдуу кабарды кесиптик майрамга арналган салтанатта ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков өзү жарыялап, окуу жайдын жамааты тарабынан кол чабуулар менен тосуп алынды. Эмгек маянасын жогорулатууда соңку инфляциялык жараяндар, университеттин финансы-чарбалык ишмердигинен бюджетине келип түшкөн акча каражаттарынын көлөмү, о.э. жогорку кесиптик билим берүү кызматынын сапатын арттыруу маселеси эске алынган.

Жалпысынан, ЭАУ профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери кесиптик майрамын жогорку маанайда тосуп, ректораттын кабыл алган чечимине абдан ыраазы болушту!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова повышение заработной платы профессорско-преподавательского состава и сотрудников!

В канун Дня учителей и работников образования Кыргызской Республики ректорат Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) вместе с поздравлениями и премиями, почетными грамотами и медалями «Заслуженный работник МНУ», вдвойне поднял праздничное настроение коллектива – была повышена заработная плата профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Повышение заработной платы составило от 30% до 60%.  Кроме этого, в рамках проведенной до этого аттестации к заработной плате преподавателей и сотрудников, успешно прошедших внутреннюю аттестацию было дополнительно добавлено заработной платы до 60% также.  Приятная новость была оглашена ректором МНУ, д.э.н., профессором А.А. Мамасыдыковым на торжестве в честь профессионального праздника и встречена благодарными аплодисментами коллектива. Повышение заработной платы было осуществлено с учетом инфляционных процессов, денежных поступлений в бюджет университета за счет собственной финансово-хозяйственной  деятельности, а также в целях повышения качества оказания образовательных услуг.

В целом, профессорско-преподавательский состав и сотрудники МНУ были очень довольны мерами ректората, принятыми в канун профессионального праздника!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

256 View