Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн спартакиада ийгиликтүү аяктады. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 5 курама команда катышып, волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча мелдештер абдан кызуу өттү. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүштү. Спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашты. Спартакиаданын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды берүүдө ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А.Өмүрзаков спартакиада боюнча жакшы жыйынтыктарды чыгарып, сергек жашоо ыңгайына үгүттөп, оюндарга активдүү катышкан жетекчилерди, агай-эжекелерди жана кызматкерлерди өзгөчө белгилеп, мактоо сөздөрүн айтты. Бул жолку спартакиада да университет ачылгандан бери келе жаткан жакшы салттардын нугунда, майрамдык маанайда өткөндүгүн баса белгилейбиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

403 View