Үстүбүздөгү жылдын 28-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 5 команда катышууда; алар:
1) Ректорат жана административдик бөлүмдөрдүн курама командасы;
2) Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун курама командасы;
3) ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин курама командасы;
4) ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин курама командасы;
5) ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин курама командасы.
Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлмөкчү: волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартыш.

ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков спартакиаданын ачылышында университеттин жамаатына жаңы спорттук ийгиликтерди каалап, бардыгын спорт аркылуу сергек жашоо ыңгайына үгүттөдү. Аталган спартакиаданын мелдештери университет ачылгандан бери, т.а. 1993-жылдан бери, салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүшөт. Бир нече күн жүргөн спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашат.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

233 View