К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Улгайган адамдардын эл аралык күнү татыктуу белгиленди!

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар алкагында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректораты, профсоюздук комитети жана жамааты окуу жайда эмгектенип кеткен эмгек ардагерлерин чакырышып, алар үчүн майрамдык концерт уюштуруп беришти. Майрамдык концертте аксакалдар үчүн жагымдуу ырлар, бийлер аткарылып, сахналык чыгармалар коюлду. Концерттен соң эмгек ардагерлерине акчалай сыйлыктар берилип, сый дастаркон уюштурулган. ЭАУнун эмгек ардагерлери ректораттын, профсоюздук комитеттин жана жалпы жамааттын аларга көрсөткөн урмат-сыйына абдан ыраазы болушту!

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, ЭАУнун ректораты жана профсоюздук комитети Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды жыл сайын өткөрүп келет – окуу жай үчүн мындай иш-чаралар салттуу оң көрүнүштөрдөн.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В Международном университет им. К.Ш. Токтомаматова достойно отметили Международный День пожилых людей!

В рамках праздничных мероприятий в честь Международного Дня пожилых людей ректорат, профсоюзный комитет и коллектив Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) пригласили ветеранов труда вуза на праздничный концерт. Для ветеранов труда МНУ прозвучали душевные песни, были исполнены танцы, сценические постановки. По окончании концерта ветеранам труда МНУ были вручены денежные премии, организовано праздничное чаепитие.Ветераны труда МНУ были очень благодарны ректорату и профсоюзному комитету, коллективу в целом за оказанное внимание и радушие!

Стоит особо отметить, что ректорат и профсоюзный комитет МНУ ежегодно организовывает праздничное мероприятие в честь Международного Дня пожилых людей – это стало доброй традицией вуза.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

327 View