К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жамааты Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 74-жылдыгына арналган “Өлбөс кошуун” акциясына активдүү катышты!

         Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Жалал-Абад областынын административдик борбору Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 74-жылдыгына арналган “Өлбөс кошуун” майрамдык жана эскерүү акциясы болуп өттү. Аталган акциянын алкагында шаар боюнча жөө жүрүш болду. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректораты, профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери да жөө жүрүшкө активдүү катышышты: колдорунда тууларды, транспаранттарды кармап, ардагер чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, аскердик ырларды ырдашып. Майрамдык иш-чарага шаардын дээрлик бардык уюм-мекемелери катышышты. Жөө жүрүш шаардын Жеңиш паркында, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигине гүлчамбарларды, гүлдөрдү коюу менен соңуна чыкты.

         Тарыхын, баатырларын унутпай, “Өлбөс кошуун” майрамдык акциясына катышкан атуулдарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


Коллектив Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова принял активное участие в акции «Бессмертный полк» в честь 74-летия Победы в Великой Отечественной войне!

         9 мая сего года в административной столице Жалал-Абадской области в городе Жалал-Абад состоялся пеший марш в рамках акции «Бессмертный полк» в честь 74-летия Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов. Ректорат, профессорско-преподавательский состав, сотрудники и студенты Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова приняли активное участие в этом праздничном и памятном мероприятии: они несли знамена и транспаранты, шли и пели песни тех лет, перед собой несли портреты дедов-ветеранов. В названном праздничном мероприятии приняли участие почти все организации и учреждения города. Пеший марш по городу закончился возложением венков и цветов к подножию памятника участникам Великой Отечественной войны в парке Победы.

         Выражаем глубокую благодарность участникам акции “Бессмертный полк”, всем кто помнит свою историю, помнят своих героев!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

479 View