Тил илими кафедрасынын тарыхынан
Тил илими кафедрасы 1993-жылы сентябрь айында уюшулган. Кафедранын белгилүү лексиколог – фразеолог окумуштуу филология илимдеринин кандидаты Р.Эгембердиев жетектеген. Кафедрада кыргыз, орус, англис тилдери боюнча Н.Зулпукарова, Ч.Машанова, О.Рогозина, Ү.Исакбаева, К.Үкүбаева, А.Мамиев, С.Алибаева, Э.Абазова, Б.Дарбанов, А.Шаболотов, Д.Токтогулов, Г.Абдраева, Арстанбек кызы Ж. ж.б. эмгектенишкен. Кафедраны окутуучулар Н.Ормонов, К.Жунусов ж.б. жетектеген. Кафедрада саат окутуучулар катары А.Жолдошбаев, Г.Суеркулова, Э.Аликеевалар кызматтарын айкалыштыруу менен эмгектенишкен.
ЭАУнун ректорунун 2020-жылдын 6–июлундагы № 89 буйругунун негизинде Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы түзүлгөн.