Казакстан Республикасынын Жамбыл областы боюнча мамлекеттик кызмат жана коррупциянын алдын алуу боюнча департментинин башчысы менен жолугушуу жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында Казакстан Республикасынын Жамбыл областы боюнча Мамлекеттик кызмат жана коррупциянын алдын алуу боюнча департментинин башчысы Максут Ибрайханович Налибаев менен ЭАУнун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Аталган департменттин башчысы биздин студенттерди Казакстандагы мамлекеттик кызмат тутуму менен тааныштырып, республикада коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чаралар менен тааныштырды. Муну менен бирге, кошуна өлкөдөгү мамлекеттик кадр саясаты боюнча баяндама да берди. Баяндамасында жаш кадрлар, т.а жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыздоо, маселесинде өзгөчө токтолду. Жолугушууга катышкандардын ою боюнча жолугушуу абдан пайдалуу жана кызыктуу мүнөздө өттү. Ошол эле учурда М.И. Налибаев ушул жолугушууну уюштурган ЭАУ ректоратына ыраазычылык билдирип, окуу жайдын студенттери боюнча жакшы пикирин билгизди.

О встрече с руководителем департамента государственной службы и противодействия коррупции Джамбульской области Республики Казахстан

10 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета в г. Жалал-Абад (МНУ) состоялась встреча студентов МНУ с руководителем Департамента государственной службы и противодействия коррупции по Джамбульской области Республики Казахстан Максутом Ибрайхановичем Налибаевым.  Директор названного департамента ознакомил студентов с системой государственной службы Казахстана, рассказал о мерах по предупреждению коррупции, принимаемых государственными органами республики. Вместе с этим, представил информацию по кадровой политике в соседней стране, конкретно в отношении молодых кадров, т.е. выпускников вузов и колледжей. По мнению участников встречи, названное мероприятие было очень полезным и интересным. М.И. Налибаев в свою очередь выразил признательность ректорату вуза за организацию этой встречи, а также хорошо отозвался в адрес студентов университета.

233 View