DSC_0008

2015-жылдын 8-декабры: Ордолуу Ош шаарындагы Ош областтык драма театрында мамлекеттик «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын 10 жылдык мааракесине жана 8-декабрь — Кыргыз Республикасынын телевидение жана радио кызматкерлеринин күнүнө карата салтанат өткөрүлдү. Экономика жана ишкердик университетинин өкүлдөрү аталган салтанатка катышып, “ЭлТР” телерадиокомпаниясын кесиптик майрамы менен куттуктап, “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын Жалал-Абад областындагы кабарчысы Сабирова Кыялды экономикалык маселелерди чагылдырууда алгылыктуу иш-аракеттери үчүн Ардак грамота менен сыйлашты. Ардак грамотаны жана гүлдөр букетин университеттин тарбия иштери, коомчулук менен байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доц. Анвар Жолдошбаев тапшырды.

DSC_0024

8 декабря 2015 года: В Ошском областном драматическом театре имени С. Ибраимова состоялись торжества в честь 10-летнего юбилея государственной телерадиокомпании “ЭлТР”, а также в честь Дня работников телевидения и радио Кыргызской Республики – 8 декабря. В торжествах приняли участие и представители Университета экономики и предпринимательства г. Джалал-Абад. Представители УЭП поздравили дирекцию телерадиокомпании “ЭлТР” с профессиональным праздником, а также наградили Почетной грамотой УЭП корреспондента телерадиокомпании “ЭлТР” по Джалал-Абадской области Сабиракунову Кыял за заслуги в продвижении материалов по экономическим вопросам. Почетную грамоту и букет цветов вручил проректор по воспитательной работе, связям с общественностью и государственному языку, к.ф.н., доц. Анвар Жолдошбаев.

2149 View

Leave a Comment