К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин урматтуу профессор-окутуучулар курамы жана кымбаттуу студенттер! 

         Бардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эгемендүү Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгүү жолунда зор ийгиликтерге жетишип, бардык кыргызстандыктардын жашоосу жыргалчылыкта, аман-эсенчиликте болсун! Мамлекетибиздин туусу ар дайым бийик желбиресин!

Ушул улуу майрам менен бирге бардык агай-эжекелерибизди жана студенттерибизди 1-сентябрь – Билим берүү күнү менен куттуктайм жана жаңы окуу жылында билим берүү ишмердигинде, окууда албан-албан ийгиликтерди каалайм!

Ооба, 2020-2021-окуу жылы дүйнө жүзү боюнча жайылган таажы илдетинин кесепетинен бир топ катаал шарттарда башталууда, бирок биз бул илдетти адамзатынын биргелигинде жеңебиз деп бекем ишенебиз, анткени аны жеңүү өбөлгөлөрү эми пайда боло баштады. Кудай буйруса, бул күндөр да артта калып, бардыгыбыз жаркын келечекке аман-эсенчиликте чогуу кирип барабыз. Аталган илдеттин себебинен жаңы окуу жылын аралыктан окуу тартибинде баштоого мажбурбуз, бирок жакынкы мезгилде нормалдуу окуу жараяны болот деп ишенебиз жана анын мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аныктап, коомчулукка жарыялайт. Ага чейин ар бир багытка жана адистикке, курска, ар бир студенттик тайпага тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекечилери, кураторлору тарабынан аралыктан окуу тартиби боюнча так маалымат берилип, ар бир студент менен байланышка чыгып, аралыктан окуу технологиялары боюнча жеткиликтүү түшүндүрмөлөр берилет. Студенттерди жана алардын ата-энелерин абалды туура түшүнүүгө, сабырдуулукка чакырабыз! Ректорат тарабынан аралыктан окуу жараянынын сапаттуу жана талаптагыдай болушу үчүн бардык аракеттер жеткиликтүү көрүлө тургандыгына кепилдик берем!

Сиздерди урматтап,

ЭАУ ректору, РМА академиги, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков


Уважаемый профессорско-преподавательский состав и дорогие студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова!

От всего сердца поздравляю всех вас с 29-летием со Дня независимости Кыргызской Республики! Желаю нашему суверенному Кыргызстану больших успехов и процветания на пути созидательного развития, а всем кыргызстанцам счастливой жизни, благоденствия и здравия! Пусть всегда красный стяг нашей страны реет высоко!

Вместе с этим великим праздником поздравляю всех преподавателей и сотрудников, а также студентов нашего университета с Днем знаний – 1 сентября! В этот светлый праздник желаю всем вам успехов в педагогической деятельности и учебе!

Да, 2020-2021 учебный год начинается в нелегких условиях из-за распространившегося по всему миру коронавируса, но мы твердо верим, что человечество объединившись победит эту пандемию и для этого уже есть предпосылки. Даст бог и это все останется в прошлом, а мы в здравии и благополучии устремимся вместе с вами в светлое будущее. Из-за названной пандемии мы вынуждены начать новый учебный год в режиме дистанционного обучения, но мы заверяем всех вас, что нормальный учебный процесс будет и об этом своевременно известит общественность Министерство образования и науки Кыргызской Республики. А в данный период руководители всех учебных подразделений МНУ и кураторы студенческих групп свяжутся со студентами всех курсов, направлений и специальностей, каждой студенческой группы, дадут все необходимые инструкции по учебному процессу в режиме дистанционного обучения, по их технологиям. Призываем всех студентов МНУ и их родителей к пониманию, к выдержке! Со стороны ректората университета даю гарантии, что мы примем все надлежащие меры, чтобы обеспечить качество учебного процесса в режиме дистанционного обучения!

С уважением,

Ректор МНУ, академик РАМ, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков

67 View