Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасындагы Универсиада өткөрүлүүдө!

2018-жылдын 13-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы Универсиадасынын салтанаттуу ачылышы болду. Универсиаданын ачылышында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Урмаматович Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Абдыкеримович Темирбаев, Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин ректору э.и.д., профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков, ЖАМУ ректору т.и.д., профессор Кеңешбек Жумабекович Үсөнов, республикалык жана жергиликтүү спорттук уюм-мекемелердин жетекчилери спортсмендерге куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин спорттук комплексинде жана шаардын бир катар спорттук объектилеринде Универсиаданын 1-лигасынын оюндары спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:

  • волейбол;
  • кичи футбол;
  • эркин күрөш;
  • кыз-келиндер күрөшү;
  • бокс.

Универсиаданын аталган спорттун оюндары боюнча мелдештери үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан 17-мартына чейин өткөрүлөт. Мелдештерге жогорудагы спорттун түрлөрү боюнча 19 команда катышат.

Универсиаданын катышуучуларына спорттук ийгиликтерди каалайбыз! Күчтүүлөр, шамдагайлар жеңишсин!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В Международном университете города Жалал-Абад проводится Универсиада среди высших учебных заведений Кыргызской Республики!

13 ноября 2018 года в Международном университете города Жалал-Абад (МНУ) состоялось торжественное открытие Универсиады среди высших учебных заведений Кыргызской Республики. На открытии Универсиады с поздравительными речами и добрыми пожеланиями выступили Полномочный представитель Правительства Кыргызской Республики по Жалал-Абадской области  Кыянбек Урмаматович Сатыбалдиев, I вице-мэр города Жалал-Абад Турдалы Абдыкеримович Темирбаев, ректор МНУ д.э.н., профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков, ректор ЖАГУ д.т.н., профессор Кенешбек Жумабекович Усенов, а также руководители республиканских и местных спортивных организаций и учреждений.

В спортивном комплексе Международного университета города Жалал-Абад и на других спортивных объектах города будут проведены соревнования I лиги по следующим видам спорта:

  • волейбол;
  • мини-футбол;
  • вольная борьба;
  • женская борьба;
  • бокс.

Игры I лиги Универсиады среди вузов Кыргызской Республики будут проводиться с 13 марта по 17 марта сего года. По вышеназванным видам спорта в играх Универсиады примут участие 19 команд.

Пожелаем успехов участникам Универсиады! Пусть победят сильнейшие, ловкие и быстрые!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

424 View