Ушул жылдын 19-июнунда К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык экономикалык колледжинин, эсеп-каржы сабактар кафедрасы тарабынан  «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына жана Каржы кызматкерленинин күнүнө карата, «Кыргызстандын социалдык экономикалык абалына COVID-19 тийгизген таасири» темасынын алкагындагы мекемелер жана ишканалардын,  жогорку жана орто окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан ZOOM платформасында аймактык семинар болуп өттү.

Семинарды өткөрүүнүн максаты, учурдагы COVID-19 региондордун  мекемелерине  жана ишканаларына,  жогорку жана орто окуу жайларга тийгизген таасирин иликтөө жана өз ара байланыштын  контекстинде санэпидемиялык  шарттар тууралуу түшүндүрүү болду.

Семинардын модератору жана семинардын ачылышын  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин илим, эл аралык
байланыштар  жана иновациялык билим берүү технологиялар боюнча проректору п.и.к., профессор Омошев Төлөгөн Теӊирович жүргүздү.

Ал ««Кыргызстандын социалдык экономикалык абалына COVID-19 тийгизген таасири» » деген темада баяндама жасап, ошондой эле учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө пандемияга байланыштуу маселелер талкууланып, ар бир тармактын өкүлдөрү көйгөйлөрдү чечүүдө өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чаранын катышуучулары

1.КР УБнын Жалал-Абад областык банк башкармалыгынын башчысы  Акимбеков Хусейин Маматканов

2.Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков

3.Гуманитардык-экономикалык колледжинин директору э.и.к.,доцент   Раймкулов Калыбек Абдысейитович.Тема «Пандемия учурунда билим берүү системасынын абалы»

4.М. Рыскулбеков атындагы КЭУ.Туризм, мейманкана жана ишкердик кафедранын э.и.к.,доценти Кочкорбаева Мария Дурусбековна.Тема: «Устойчивое развитие туризма в современных условиях»

5.ИИМСИнун Эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси  Калиев    Азамат Сейитович. Тема: Пандемия, как объект политического исследования.

6.Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ураимов Рома Каныбекович. Темасы: «COVID-19 учурундагы  санитардык-эпидемиялык ишкананын коомго берген жардамы».

7.Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын инспектору милициянын кенже лейтенанты, Турганбаев Шеркул. Тема: «Пандемия учурунда Жалал-Абад областык  ички иштер башкармалыгынын  аткарган  иштери».

8.«Бест групп трейд»  директордун орун басары Канболотов Бексултан Жанарбекович. Тема: Жеке ишкерлерге пандемиянын    тийгизген таасири.

Семинар суроо-жооп форматында уланып, соңуна чыкты.

Эсеп — каржы сабактар кафедрасынын  башчысы доцент Капарова Гүлзат Токтогуловна  өткөн онлайн-семинардын   соңунда катышуучуларды ыраазычылык билдирүүсү менен жыйынтыктады.

256 View