Кадырлуу жердештер!

Сиздерди өзүмдүн жана Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери атынан келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаңы 2018-жылы куттуу мекенибиз Кыргызстанда ынтымак, тынчтык, токчулук болуп, элибиз аман-эсенчиликте жаратмандык менен мамлекетибизди өнүктүрө берсин! Аксакалдарбыз төрдө сый көрүп, улан-кыздарыбыз эл кызматына жарап, балдарыбыз ойноп-күлүп чоңойсун! Элибизди, жерибизди теңирим колдосун!

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

ЭАУ ректору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков

Кадырлуу агай-эжекелер, кымбаттуу студенттер!

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) эмгектенген кадырлуу жамаатыбыздын бардык мүчөлөрүн жана талыкпай жогорку кесиптик билим алган кымбаттуу студенттерибизди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Жаңы 2018-жылы профессор-окутуучулар курамынын даража-наамдары артсын, студенттерибиздин илим-билимге болгон маанайы жарык болсун! Университетибизди өнүктүрөлү, ардактайлы, окуу жайыбыз менен сыймыктаналы!

Жаңы 2018-жылы бардыгыбыздын үйлөрүбүздө ынтымак, бакыт-таалай, ийгилик, жакшылык болушун каалайм!

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

ЭАУ ректору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков

290 View