Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды 21-март – Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Жадыраган жаз майрамы Нооруз менен жерибизге, элибизге оомат келсин, береке-пейиз берсин, жыргалчылык менен токчулук болсун!

Нооруз майрамы Орто Азия элдеринде жаңы жыл майрамындай илгертеден бери майрамдалып, анын алдында жана ошол күнү кыргыздар, өзбектер, тажиктер, түркмөндөр, уйгурлар, казактар жана каракалпактар сүмөлөк же көжө кайнатышып, сый тамактарын дасторконго коюшкан. Айтылган элдер Нооруз күнүн ынтымакта шаңдуу майрамдашып, жаңы жыл молчулуктун, токчулуктун жылы болсуп деп кудайдан тилешкен. Орто Азиянын аймактарында бул күн менен дыйканчылык иштери башталып, бир катар каада-салттар, ырым-жырымдар аткарылып, ыр-бийлер менен коштолгон. Бүгүн биз ата салтын улантып, Нооруз майрамын шаңдуу майрамдап, жаздын келишине сүйүнүп, жаңы жылдан жаркын келечекти үмүттөнөбүз.

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

ЭАУ ректору, э.и.д., профессор,РМА академиги Сатыбалды Өмүрзаков


Уважаемые соотечественники!

Поздравляю всех Вас с праздником Нооруз, отмечаемый 21 марта – в день равноденствия! С праздником Нооруз весна полноправно вступает в свои права. Пусть на нашей земле, в наших краях будет радость и счастье, достаток и богатство!

Праздник Нооруз издавна отмечался народами Средней Азии. В этот день кыргызы, узбеки, таджики, туркмены, уйгуры, казахи и каракалпаки с родней и соседями вместе варили сюмёлёк или кёджё, накрывали праздничный дастархан, на который ставили лучшие угощения, просили у всевышнего достаток и богатство, счастья в новом году. Да, в Средней Азии новый год исчислялся с этого весеннего равноденствия. Во многих краях Средней Азии в этот день торжественно начинались многие сельскохозяйственные работы, сопровождаемые рядом традиций, исполнением специальных обрядов, сопровождаемые песнями и танцами. Сегодня, продолжая традиции наших славных предков, мы празднично отмечаем Нооруз – день весеннего равноденствия, радуемся весне, от нового года ждем только хорошее, доброе и светлое.

С праздником, дорогие соотечественники!

Ректор МНУ, д.э.н., профессор, академик РАМ Сатыбалды Омурзаков

215 View