ЭАУнун ЖАҢЫ СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ!

   2021-жылдын 12-августунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректораты сырттан окуган 5-курстун “Юриспруденция” багыты боюнча студенти Курманбек уулу Баяманды салтанаттуу түрдө тосуп алып, соңку күндөрү жетишкен эки эл аралык деңгээлдеги спорттук жеңиши менен куттуктады: биринчи жеңиши – үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак айылында өткөрүлгөн ММА (Mixed Martial Arts – спорттук күрөш-мушташтын аралаш түрү) боюнча эл аралык таймашта 84 кг салмагында I орунду ээледи, ал таймашка Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын спортсмендери катышкан; экинчи жеңиши – үстүбүздөгү жылдын 4-7-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Биримдик-2021” аталышындагы спорттук күрөштүн беш түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 100 кг салмагында грэпплинг (спорттук күрөш-мушташтын аралаш түрү) боюнча дүйнө чемпиону болду, ал чемпионатка 17 өлкөдөн улуу жана жаш курактагы 500 спортсмен катышкан. ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери Курманбек уулу Баяманды чын жүрөктөн куттуктайт жана анын спорттук жеңиштери менен сыймыктанып, мындан ары да албан-албан ийгиликтерге жетишүүсүн каалайт! ЭАУ жана бардык кыргызстандыктар Курманбек уулу Баямандын спорттук жеңиштери менен сыймыктанат!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы


О НОВЫХ СПОРТИВНЫХ УСПЕХАХ СТУДЕНТОВ МНУ!

12 августа 2021 года в ректорате Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) торжественно встретили студента 5 курса заочного обучения по направлению “Юриспруденция” Курманбек уулу Баямана, который недавно одержал 2 спортивные победы на международном уровне: первая победа – 28 июля сего года он в весовой категории 84 кг стал победителем Международного турнира по ММА (Mixed Martial Arts – смешанные боевые искусства), проведенного в с. Сузак Жалал-Абадской области Кыргызской Республики, в котором приняли участие спортсмены из Кыргызстана, Узбекистана, Таджикистана и Казахстана; вторая победа – он в весовой категории 100 кг стал чемпионом по грэпплингу (спортивное единоборство, сходное по технике с рядом борцовских дисциплин) Чемпионата мира по пяти боевым искусствам “Единство-2021”, проведенного 4-7 августа сего года в г. Чолпон-Ата Кыргызской Республики, в котором приняли участие более 500 взрослых и юных спортсменов из 17 стран мира. Ректорат, профессорско-преподавательский состав и студенты МНУ от всего сердца поздравляют Курманбек уулу Баямана с названными спортивными успехами, желают новых спортивных успехов! МНУ и все кыргызстанцы гордятся Курманбек уулу Баяманом!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

59 View