О СПОРТИВНОЙ ПОБЕДЕ СТУДЕНТКИ МНУ КУРСТАНБЕК КЫЗЫ ФЕРУЗЫ!

18 августа 2021 года в ректорате Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) поздравили студентку III курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Гуманитарно-экономического колледжа МНУ Курстанбек кызы Ферузу, которая заняла I место в Первенстве Кыргызской Республики по спортивной борьбе на поясах (Belt Wrestling) среди юношей и девушек 2004-2006 гг. в весовой категории до 70 кг, проведенного в селе Бостери Иссык-Кульской области Кыргызской Республики. Поздравляем Ферузу с одержанной победой в нелегком спортивном состязании. Вместе с этим хотим напомнить, что Курстанбек кызы Феруза получила путёвку на Чемпионат мира по спортивной борьбе на поясах среди юношей и девушек, проводимого 4 сентября сего года в столице Татарстана в городе Казань. Ректорат МНУ оказал ей финансовую поддержку в дорожных расходах. Ждем от Ферузы новой победы! Желаем ей удачи на чемпионате мира!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТИ КУРСТАНБЕК КЫЗЫ ФЕРУЗАНЫН СПОРТТУК ЖЕҢИШИ ЖӨНҮНДӨ!

2021-жылдын 18-августунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректораты (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча III курсунун студенти Курстанбек кызы Ферузаны Кыргыз Республикасынын алыш күрөшү (Belt Wrestling) боюнча 2004-2006-жылкы улан-кыздар арасындагы биринчилигинде 70 кг салмагында I орунду ээлегени менен куттуктады. Аталган республикалык биринчилик Ысык-Көлдө, Бостери айылында өткөрүлгөн. Курстанбек кызы Ферузаны оор таймашта жетишкен ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Дагы бир жакшы жаңылыгыбыз: Курстанбек кызы Феруза үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Татарстандын борбору Казанда өткөрүлүүчү алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. ЭАУ ректораты студентибиздин жол киресин каржылап берди. Курстанбек кызы Ферузадан аталган чемпионатта ийгиликтерди күтөбүз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы

65 View