27 января 2021 года студент I курса по специальности «Автоматизированные системы обработки информации и управление» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Калыков Бекжан Сабыржанович занял I место по каратэ-до в открытом турнире на кубок мэрии города Норин Республики Узбекистан, в котором приняли участие спортсмены и из Казахстана, Кыргызстана, Таджикистана, Туркменистана. Напомним, что Калыков Бекжан член кадетской сборной Кыргызской Республики по каратэ-до, обладатель черного пояса (1-й дан), чемпион страны, участник и победитель ряда республиканских и международных соревнований по каратэ-до. Желаем Калыкову Бекжану новых побед, новых спортивных успехов!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

 2021-жылдын 27-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “”Маалыматты иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистиги боюнча 1-курс студенти Калыков Бекжан Сабыржанович Өзбекстан Республикасынын Норин шаарынын мэриясынын сыйлыгына болгон ачык мелдеште 1-орунга ээ болду! Аталган мелдеш эл аралык мааниде болуп, ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан спортсмендери да катышкан. Эскертип кетсек, Калыков Бекжан Кыргыз Республикасынын кадеттеринин каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөсү, кара белбоо ээси (1-дан), о.э. республикалык жана эл аралык бир катар мелдештердин катышуучусу, жеңүүчүсү. Калыков Бекжанга албан-албан ийгиликтерди жана спорт жаатында жаңы жеңиштерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы

92 View