ОБ УЧАСТИИ СТУДЕНТОВ МНУ В АКЦИИ «ЭКОВЕЛОМАРАФОН»

10 октября сего года в городе Жалал-Абад провели экологическую акцию «Эковеломарафон» с участием велолюбителей города, который был организован мэрией города, общественными объединениями «Youth of Osh», «Дестинация Жалал-Абад». В названном марафоне приняли участие более сотни велосипедистов. Данная акция пропагандировала борьбу за чистоту воздуха, пропагандировала экологические виды транспорта, здоровый образ жизни. В этой акции приняли участие, и студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). В числе организаторов марафона был и логотип МНУ. Марафон стартовал у театра им. Барпы Алыкулова и сделав круг по городу там же финишировал. По окончании веломарафона участники были награждены ценными подарками, памятными медалями. В том числе и студенты МНУ, особенно отличились Кадырбеков Азамат и Набиулин Амир – студенты 1-го курса Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности «Правоведение»!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН “ЭКОВЕЛОМАРАФОН” ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Жалал-Абад шаарында “Эковеломарафон” аттуу экологиялык иш-чара өткөрүлүп, ага Жалал-Абад шаарынын жүздөн ашык велосипед сүйүүчүлөрү катышты. Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана «Youth of Osh», «Дестинация Жалал-Абад» коомдук бирикмелери тарабынан уюштурулган. Бул марафон абанын тазалыгын, унаанын экологиялык түрлөрүн, сергек жашоо ыңгайын үгүттөгөн иш-чара катары өткөрүлгөнүн эскерте кетели. Бул марафонго К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) студенттери да активдүү катышкан. Уюштуруучулар тууралуу маалыматта ЭАУнун да эн тамгасы бар. Марафон Барпы Алыкулов атындагы театрдан башталып, шаарды бир айланып өткөндөн кийин ошол эле жерде аяктады. Веломарафондун соңунда катышуучуларга баалуу белектер жана эстелик медалдар берилген. Анын ичинде ЭАУ студенттерине да, өзгөчө активдүүлөрү ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча 1-курс студенттери Кадырбеков Азамат жана Набиуллин Амир!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

39 View