Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү Түркия Республикасынын түрк дүйнөсүн изилдөө фондунун президенти,  ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун тең негиздөөчүсү, экономика илимдеринин доктору, профессор Туран Язгандын жаркын элесин эскерүү аземи өткөрүлдү. Профессор Туран Язган көп жылдык үзүрлүү ишмердигинде түрк мамлекеттеринин биримдигин, достугун жана кызматташтыгын камсыздоого, илгерилетүүгө зор эмгегин сиңирген улуу инсан. Муну менен бирге ушул асыл адамдын аракети менен 1993-жылы Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин курамында Эл аралык Кыргыз-Түрк институту ачылган. Эскерүү аземине ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун дирекциясы, профессор-окутуучулар курамы, студенттер катышышты. Эскерүү аземинде ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков профессор Туран Язган жөнүндө көптөгөн жылуу сөздөрдү айтып, анын жаркын элесине урматын билдирди.

363 View