Профсоюзный Комитет

Профсоюз жөнүндө маалымат

Экономика жана ишкердик университетиндеги кесиптик (профсоюз) кошунунун тарыхы.

1993-жылы Жалал-Абад коммерциялык институту ачылган күндөн тартып эле профсоюздар кошуну түзүлгөн. Кесиптук кошундун алгачкы төрайымы болуп Борщевская Алевтина Яковлевна шайланган. Ал 1993-жылдан 2005-жылга чейин иштеп, кесиптик кошунду уюштуруу, түптөө жумуштарын жүргүзгөн жана жетектеген. Ал эми 2005-2009-жылдары кесиптик кошунду Жунусов Кадыралы Толокович жетектеген. 2009-2010-жылдар убагында Хамрабаев Абдрасул Абсатарович иштеген. 2010-жылдын март айынан 2013-жылдын сентябрь айына чейин кесиптик кошунду Раимкулов Калбек Абдысейитович алгылыктуу иштерди алып барып, жетектеген. 2013-жылдын сентябрь айынан 2016-жылдын 08-сентябрга чейин Таштанов Малик Акунович эмгектенди.2016-жылдын 08-сентябрь айынан тартып Абдыкулов Уланбек Аманбайевич иштеп келе жатат.Абдыкулов Уланбек Аманбайевич жана анын төмөндөгү мүчөлөрү шайланган:

  1. Баймырзаева Айгул - УЭПтин ага эсепчиси
  2. Султанова Айжамал
  3. Сайпидинов Бакыт
  4. Абдубекова Жумагул
  5. Паязова Айсулуу - ГЭКтин окутуучусу
  6. Маматкулов Батыркул
  7. Сариева Ниссо

Уюшулган күндөн тартып ушул убакка чейин алгылыктуу жумуштарды жасап келет. Айта кетсек, ар жыл сайын 1-июль кооперативдер күнүнө карата “Арсланбоб” пансионатына УЭПтин жалпы кызматкерлерин 2-3 күндүк мөөнөткө эс алуу уюштурулат, жыл сайын балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы жана кызматкерлерге Жаңы жылдык кече, студенттерге жаны жылдык баллмаскарад уюштурулат, жана окутуучулардын, кызматкерлердин балдарына белектер берилет. 21-март Нооруз майрамында сүмөлөк уюштурулат. Окутуучулардын жана студенттердин арасында спорттук мелдештер, спартакиадалар өткөрүлүп турат. Жыл бою окуу жайда майрамдык даталарда кесиптик кошун тарабынан ардак грамоталар, белектер, акчалай сыйлыктар уюштурулат. Жыл сайын УЭПте жана Жалал-Абад шаардык деңгээлде өткөрүлгөн коомдук иш чараларга, ишенбиликтерге окутууучурлардын жана студенттердин активдуу катышуусунда өткөрүлүп жана кошун тарабынан уюштурулуп турат.

Абдыкулов Уланбек Аманбаевич

Адрес: Жени-Жок 30

Телефон: +996772365185

Е-mail: ulanbek2000@mail.ru