Шаңдуу майрамдардан кабарлар!

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жыйындар залында 8-март - Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдык салтанатта университеттин ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков жана профсоюздук комитеттин төрагасы У.А. Абдыкулов эжекелерди, студент кыздарды куттукташып, мыкты кызматкерлерге Ардак грамоталарды тапшырышып, бардык эжекелерге акчалай сыйлыктарды беришти. Майрамдык салтанаттын концерттик бөлүгүндө шаңдуу ырлар жаңырып, агайлардын, студенттердин тамаша номерлери көрсөтүлдү. Майрамдык салтанат абдан кызыктуу өттү. Муну менен бирге, ушул эле күнү ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын майрамдык концерти болуп, концертке ата-энелер, лицейдин окуучулары, студенттер катышты. Лицейдин майрамдык концерти да абдан шаңдуу, кызыктуу өттү.

Майрамыңыздар менен урматтуу эжекелер, кымбаттуу студент кыздар!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Праздничные вести!

7 марта сего года в большом актовом зале Международного университета в городе Жалал-Абад (МНУ) состоялись торжества в честь Международного женского дня – 8 марта. В официальной части торжества ректор МНУ, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков и председатель профсоюзного комитета МНУ У.А. Абдыкулов поздравили женскую часть коллектива и студенток университета с праздником, вручили Почетные грамоты лучшим сотрудницам и выдали премию прекрасной половине коллектива. После чего состоялся праздничный концерт. В этот же день состоялся праздничный утренник начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея, в котором приняли участие ученики лицея, родители учеников и студенты университета. Праздничные торжества университета, утренник лицея прошли на высоком уровне, было весело и интересно.

С праздником, дорогие женщины, студентки МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

324 View