2017-жылдын 9-мартында Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин спорттук комплексинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар алкагында Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети уюштурган кыздар арасында мини-футбол боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдеште I орунду Экономика жана ишкердик университетинин студент кыздарынын курама командасы ээледи! ЭИУнун ректору, э.и.д., проф. Абдилбает Асанович Мамасыдыков кыздардын курама командасын жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктады!

505 View