К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенттери Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышууда!

         Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Милициясынын 95 жылдык маарекесине арналган иш-чаралар алкагындагы Ачык эшиктер күнүнө Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин чакырышты. Айтылган иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Юриспруденция” багытындагы студенттери да катышып, милициянын ишмердиги менен кеңири таанышышты. Анын ичинде милициянын атайын багыттагы “Шумкар” кошуунунун аскердик даярдыгын көрүп, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милиция полковниги К.Н. Жолдошов менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жалпысынан милициянын ачык эшиктер күнү ЭАУнун “Юриспруденция” багытындагы студенттери үчүн кесиптик багыт берүү иш-чарасы катары абдан кызыктуу жана пайдалуу өткөрүлгөндүгүн белгилеп кетели.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


Студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова активно участвуют в мероприятиях в честь 95-летия Кыргызской Милиции!

25 сентября сего года Управление внутренних дел Жалал-Абадской области в рамках мероприятий в честь 95-летия Милиции Кыргызской Республики провело День открытых дверей, и пригласило студентов высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад. В названном мероприятии приняли активное участие и студенты по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ). Студентов МНУ подробно ознакомили с работой милиции по охране законности и правопорядка, в том числе показали военную подготовку полка особого назначения «Шумкар», а также предоставили возможность побеседовать с начальником УВД Жалал-Абадской области, полковником милиции К.Н. Жолдошовым. Хотим отметить, что данное мероприятие было очень интересным и полезным в плане профессиональной ориентации для студентов МНУ по направлению «Юриспруденция».

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

277 View