СТУДЕНТЫ МНУ ЧЕМПИОНЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ!

Ура нашим студентам-спортсменам! Студент 2 курса Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) по направлению «Экономика», специализация «Финансы и кредит» (заочное обучение), мастер спорта по боевому самбо, кандидаты в мастера спорта по вольной борьбе Арыкбаев Алтын Сабирбекович в преддверии нового 2020 года стал чемпионом Кыргызской Республики по смешанным видам единоборства (в весовой категории 77 кг) в чемпионате, проведенном рядом спортивных организаций и объединений (ММА, WEF Global, RFCH). Желаем нашему студенту новых побед, новых успехов на международном уровне! И еще одно хорошее дополнение: студентка I курса (на базе 9 кл. образования) Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности «Преподавание в начальных классах» Курстанбек кызы Феруза в преддверии нового года заняла II место на чемпионате  Кыргызской Республики по борьбе на поясах «Алыш» среди кадеток и кадетов в весовой категории +70 кг. Как мы уже сообщали, I место в названном чемпионате заняла также наша студентка Досалиева Нурзат. Желаем Ферузе и Нурзат новых побед на международном уровне!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНДОРУ!

Баракелде! К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Экономика” багыты, “Финансы жана кредит”адистешүүсү боюнча сырттан окуудагы 2-курс студенти, самбо боюнча спорт чебери, эркин күрөш боюнча спорт чеберине кандидат Арыкбаев Алтын Сабирбекович жаңы жыл алдында күрөштүн аралаш согуш өнөрлөрү түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болду (77 кг салмагында). Аталган чемпионат бир катар спорттук уюдар жана бирикмелер тарабынан өткөрүлгөн: ММА, WEF Global, RFCH. Биздин студентибизге мындан ары эл аралык деңгээлдеги мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалайбыз! Дагы бир кошумча жакшы кабар: ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 1-курс (9 кл. билими негизинде) студенти Курстанбек кызы Феруза “Алыш” күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында +70 кг салмагында II орунду ээледи. Буга чейин айтканыбыздай, I орунду ушул эле колледждин студенти Досалиева Нурзат ээлеген. Феруза менен Нурзатка да мындан ары эл аралык деңгээлдеги мелдештерде жаңы ийгиликтерди каалайбыз!

 ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

313 View