ЭАУ СТУДЕНТТЕРИ “ДОСТУК КУБОГУ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУНДА I ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери 2019-жыл – Аймактардык өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Жалал-Абаддагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар арасында достукту, ынтымакты жана кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлгөн “Достук кубогу” интеллектуалдык оюнунда I орунду ээлешип, колдоруна алтын жаатылган кубок менен I даражадагы дипломду алышты. Жеңүүчүлөрдү атап кетсек, алар Каратаев Чыңгыз, Мойдунова Нуриза, Апсатаров Уран, Тешебаев Бахтияр, Жоробаева Алтынай – университеттин “Эл аралык мамилелер” багыты, университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Финансы”, “Котормочулук иши” адистиктери боюнча II жана I курстарынын студенттери. Сыйлыгыңар куттуу болсун, ЭАУ студенттери!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


22 ноября сего года студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) заняли I место в интеллектуальной игре «Кубок дружбы», проведенной в честь 2019 года – Года развития регионов и цифровизации страны и в рамках мероприятий по укреплению дружбы,  связей сотрудничества между высшими и средними профессиональными учебными заведениями г. Жалал-Абад. Студенческую сборную МНУ составили Каратаев Чынгыз, Мойдунова Нуриза, Апсатаров Уран, Тешебаев Бахтияр, Жоробаева Алтынай — студенты II и I курсов по направлению «Международные отношения» и студенты Гуманитарно-экономического колледжа университета по специальностям «Переводческое дело», «Финансы». Победителям достался золоченый Кубок дружбы и диплом I степени. Желаем студентам МНУ дальнейших успехов в таких интеллектуальных мероприятиях!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

238 View