Ментальная арифметика — это форма вычисления, основанная на системе устного счета, которая производится благодаря возможностям разума. Другими словами, математические вычисления выполняются в уме, без использования компьютера, калькулятора, бумаги. Освоив ментальную арифметику, ребенок сможет производить в уме любые вычисления за долю секунды.

23 февраля сего года в г. Ош была проведена Общереспубликанская олимпиада по ментальной арифметике, в которой со всех регионов Кыргызской Республики приняли участие 217 школьников. В названной олимпиаде приняли участие и ученики начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). В условиях острой конкуренции ученик 4 класса лицея МНУ Кадыров Нурсултан занял III место среди 9-10-летних участников. Необходимо напомнить, что ученик этого же лицея Садыков Амантур в 2018-2019 гг. занял I место на республиканской и международной олимпиадах (Казахстан, г. Алматы) по ментальной арифметике. Желаем дирекции и ученикам Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ новых успехов на республиканском и международном уровнях! Наши лучшие поздравления и пожелания Кадырову Нурсултану: Поздравляем, желаем новых успехов, новых побед! Стоит отметить, что родители Нурсултана являются сотрудниками МНУ: отец к.э.н., доцент Кадыров Толкунбек Акбаралиевич, мать к.э.н., доцент Пулатова Гульнара Тулановна.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУСУ МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНГА ЖЕТИШТИ!

Менталдык арифметика — оозеки эсеп тутумуна негизделген эсептөөнүн бир түрү, ал эсептөө акыл-эстин кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө таянат. Башкача айтканда, математикалык эсептөөлөр компьютерсиз, калькуляторсуз, кагазда эмес, көңүлдө эсептелет. Менталдык арифметиканы өздөштүргөн балдар көз ирмемде ар кандай эсептөөлөрдү оюнда жүргүзө алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Ош шаарында менталдык арифметика боюнча жалпы республикалык олимпиада өткөрүлдү, ага Кыргыз Республикасынын аймактарынан 217 мектеп окуучусу катышкан. Алардын катарында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары да болгон. Курч атаандаштык шарттарында ЭАУнун лицейинин 4-класстагы окуучусу Кадыров Нурсултан 9-10 жаштагылар арасында III орунга жетишти. Эске сала кетели, ушул эле лицейдин окуучусу Садыков Амантур 2018-2019-жылдары менталдык арифметика боюнча республикалык жана эл аралык олимпиадаларда (Казакстан, Алматы ш.) I орундарга жетишкен. ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин дирекциясына, окуучуларына республикалык жана эл аралык деңгээлдерде жаңы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Өзгөчө куттуктоолор жана каалоо-тилектер Кадыров Нурсултанга: Чын жүрөктөн куттуктайбыз, мындан ары да бийик ийгиликтерге жетиш! Өзгөчө белгилеп кетиш керек, Нурсултандын ата-энеси ЭАУнун кызматкерлери: атасы э.и.к., доцент Кадыров Толкунбек Акбаралиевич, апасы э.и.к., доцент Пулатова Гүлнара Тулановна.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

290 View