Универсиаданын жакшы кабарлары!

Коомчулукка белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) базасында үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан 17-мартка дейре Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасындагы Универсиаданын 1-лигасынын мелдештери өткөрүлгөн. ЭАУнун кыздар курама командасы татаал атаандаштыкта 1-орунга жетишти!

Волейбол боюнча мелдештин жалпы жыйынтыктары:

1-орун – Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет;

2-орун – Ош Мамлекеттик Педагогикалык институту;

3-орун – Ош Мамлекеттик Юридикалык институту.

ЭАУнун волейбол боюнча эркектер курама командасы үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинен 8-апрелине чейин Универсиаданын жогорку лигасынын оюндары алкагында Бишкек шаарында байгелүү орундар үчүн күрөшөт. ЭАУнун эркектер курама командасына ийгиликтерди тилейбиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы

Хорошие новости Универсиады

Как известно общественности, на базе Международного университета в г. Жалал-Абад (МНУ) с 13 марта по 17 марта сего года проводились игры I лиги Универсиады среди вузов Кыргызской Республики. Женская сборная МНУ по волейболу в упорной борьбе со сборными других вузов заняла I место!

Общий результат соревнований по волейболу был следующий:

1-место – Международный университет в г. Жалал-Абад;

2-место – Ошский Государственный Педагогический институт;

3-место – Ошский Государственный Юридический институт.

Мужская сборная команда МНУ по волейболу будет бороться за призовые места в г. Бишкек со 2 апреля по 8 апреля сего года. Удачи мужской сборной команде МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

216 View