В ЦЕНТРЕ НАУЧНЫХ ИССЛЕДОВАНИЙ МНУ СОСТОЯЛАСЬ ЗАЩИТА ДВУХ КАНДИДАТСКИХ ДИССЕРТАЦИЙ:

7 октября сего года в Центре научных исследований, разработок и инноваций Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялась защита двух диссертаций на соискание ученой степени кандидата экономических наук по специальности 08.00.05 – «Экономика и управление народным хозяйством». Защита проводилась на заседании диссертационного совета Д.08.20.606 при МНУ и ОшГУ, диссертации защищали Ажиматова Наргиза Мырзакабуловна – преподаватель МНУ, тема диссертации «Стабильное развитие экономики региона на основе эффективного использования земельных ресурсов», и Жамашева Гульбара Султанбековна – преподаватель ЖАГУ, тема диссертации «Основные направления совершенствования механизма управления экономическими рисками в современных условиях развития субъектов перерабатывающей отрасли Кыргызской Республики». В названных диссертациях были рассмотрены актуальные вопросы экономического развития страны, ее регионов. Защита прошла успешно. Желаем новоиспеченным кандидатам экономических наук успехов в научной и педагогической деятельности!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНДА ЭКИ КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯ ЖАКТАЛДЫ:

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда 08.00.05 – “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу боюнча эки изденүүчүнүн диссертацияларынын жактоосу болуп өттү. Жактоо ЭАУ менен ОшМУга караштуу Д. 08.20.606 диссертациялык кеңешинде өткөрүлдү. Жактоочулар: Ажиматова Наргиза Мырзакабуловна – ЭАУнун окутуучусу, диссертациясынын темасы “Жер каражаттарын натыйжалуу пайдалануунун негизинде чөлкөм экономикасынын туруктуу өнүгүүсү”; Жамашева Гүлбара Султанбековна – ЖАМУнун окутуучусу, диссертациясынын темасы “Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү тармагындагы ишканаларынын азыркы шарттарда өнүгүүсүндөгү экономикалык тобокелдерди башкаруунун механизмдерин өнүктүрүүнүн негизги багыттары”. Аталган диссертацияларда өлкөнүн жана анын чөлкөмдөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери каралган. Жактоолор ийгиликтүү өттү. Экономика илимдерини кандидаты окумуштуулук наамын жаңы алган кесиптештерибизге илимий жана педагогикалык ишмердиктеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

47 View