В МНУ ГОСТЬЯ ИЗ САНКТ-ПЕТЕРБУРГА!

            19 марта сего года Международный университет им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) посетила ректор Института иностранных языков (ИИЯ) г. Санкт-Петербург Российской Федерации, доктор филологических наук, профессор, почетный профессор ряда российских и зарубежных университетов Пименова Марина Владимировна. Гостья из Санкт-Петербурга ознакомилась с деятельностью МНУ, подписала совместный договор о сотрудничестве между МНУ и ИИЯ, а также провела ряд лекций в рамках курса «Методика преподавания гуманитарных дисциплин в школе и вузе». Ученый совет МНУ присвоил д.филол.н., проф. М.В. Пименовой ученое звание Почетный профессор Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова за личный весомый вклад в развитие науки, в укрепление кыргызско-российского сотрудничества в сфере высшего профессионального образования и науки. В названном курсе лекций, вместе с профессорско-преподавательским составом МНУ, также приняли участие профессорско-преподавательский состав Жалал-Абадского государственного университета, Научно-исследовательского медико-социального института, представители других образовательных учреждений. Желаем коллективам МНУ и ИИЯ успехов в деле сотрудничества в сфере науки и образования!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ, Отдел международных связей МНУ


ЭАУга САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАН ИЛИМПОЗ АЙЫМ КЕЛИП КЕТТИ!

            Үстүбүздөгү жылдын 19-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Чет тилдер институтунун (ЧТИ) ректору, филология илимдеринин доктору, профессор, бир катар россиялык жана чет мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ардактуу профессору Марина Владимировна Пименова келип, ЭАУнун ишмердиги менен таанышты. Муну менен бирге, ЭАУнун жана ЧТИнин ортосунда кызматташтык тууралуу келишимге кол койду, о.э. “Мектепте жана жогорку окуу жайда гуманитардык сабактарды окутуу усулуяты” курсу боюнча бир катар лекцияларды окуду. ЭАУнун Окумуштуулар кеңеши филол.и.д., проф. М.В. Пименовага илимге, Кыргызстан жана Россия ортосунда кызматташтыкка кошкон жеке зор салымы үчүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Ардактуу профессору окумуштуулук наамын ыйгарды. Аталган лекциялар курсуна ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы менен бирге Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Медициналык-социалдык илимий-изилдөө институтунун профессор-окутуучулар курамы жана бир катар билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышышты. ЭАУ жана ЧТИ жамааттарына илим-билим жаатында кызматташууда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик билим берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы, ЭАУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү

62 View