15 сентября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) новый 2021-2022 учебный год начался с торжественного собрания. На открытии торжественного собрания в честь нового учебного года прозвучал гимн Кыргызской Республики, после чего ректор МНУ, доктор экономических наук, профессор, академик РАМ Сатыбалды Ашымович Омурзаков выступил с поздравительной речью и пожелал студентам университета успехов в учебе. С поздравлениями выступили и ряд руководителей вуза. В торжестве приняли участие студенты Института непрерывного открытого образования, Международного Кыргызско-Турецкого института, Гуманитарно-экономического колледжа, Международного Кыргызско-Турецкого колледжа, Международного медицинского колледжа и ученики Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. Профессорско-преподавательский состав и студенты МНУ были очень рады, тому, что учебный процесс в новом учебном году начался в реальном режиме. Желаем всем студентам МНУ высоких успехов в учебе, отличного настроения и крепкого здоровья!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ!

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жаңы 2021-2022-окуу жылы салтанаттуу чогулуштан башталды. Салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, РМА академиги Сатыбалды Ашымович Өмүрзаков студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга окууда албан-албан ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалады. Ректор менен бирге бир катар жетекчилер да өз куттуктоолорун айтып кетишти. Салтанатка ЭАУнун Үзгүлтүсүз билим берүү институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин, Эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары катышты. Бардык студенттер, агай-эжекелер окуу жараянынын кадимки тартипте башталышына абдан сүйүнүштү. ЭАУнун бардык студенттерине жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайбыз, жаркын маанайда жана ден соолукта болуңуздар!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

31 View