В МНУ ПРОШЛА МАССОВАЯ ПРОСВЕТИТЕЛЬСКАЯ АКЦИЯ В ЧЕСТЬ ВСЕМИРНОГО ДНЯ БОРЬБЫ СО СПИДОМ

Всемирный день борьбы со СПИДом — международный день ООН, отмечается 1 декабря. Впервые провозглашён ВОЗ в 1988 году, с 1996 года проводится ЮНЭЙДС. День учрежден с целью повышения осведомлённости об эпидемии СПИДа, вызванной распространением ВИЧ-инфекции, а также как день памяти жертв этого заболевания. Многие государственные, общественные и медицинские организации по всему миру в этот день проводят просветительские и диагностические мероприятия. В русле этих мероприятий 26 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) в честь 1 декабря – Всемирного дня борьбы со СПИДом студентами Международного медицинского колледжа МНУ была проведена массовая просветительская акция.  На акции присутствовал ряд руководителей медицинских учреждений Жалал-Абадской области и города Жалал-Абад. Студентам МНУ были представлены слайд-шоу, инсценировки, конкурсы и флэш-мобы по теме борьбы со СПИДом. Активные участники акции были отмечены призами. Проведение таких мероприятий стало доброй традицией Международного медицинского колледжа МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА МАССАЛЫК ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1-декабрда белгиленүүчү эл аралык күн. Бул күндү белгилөө Саламаттыкты Сактоонун Бүткүл Дүйнөлүк Уюму тарабынан 1988-жылы жарыяланып, 1996-жылдан бери ЮНЭЙДС (БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасы) тарабынан атайын иш-чара катары өткөрүлүп келет.  Бул күндү расмий белгилөөнүн негизги максаты – ВИЧ инфекциясынын кеңири таркалышынан келип чыккан СПИД эпидемиясы тууралуу калкка маалыматтын таркалуу деңгээлин жогорулатуу, о.э. бул оорунун курмандыктарын эскерүү. Бул күнү дүйнө жүзү боюнча көптөгөн мамлекетик, коомдук жана медициналык уюм-мекемелер аталган оору боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу максатында атайын иш-чараларды өткөрүшөт. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында да бул күндү утурлап үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин студенттери СПИД боюнча маалымат берүү жана анын алдын алуу акциясын өткөрүштү. Акцияга Жалал-Абад областынын жана шаарынын бир катар медициналык уюм-мекемелеринин жетекчилери да катышкан. Акциянын алкагында ЭАУнун студенттерине тема боюнча бир катар слайд-шоу, сахналаштыруулар көрсөтүлүп, сынактар жана флэш-мобдор өткөрүлдү. Акциянын мыкты катышуучуларына бир катар сыйлыктар берилди. Аталган тема боюнча мындай иш-чараларды өткөрүү ЭАУда мыкты салттуу көрүнүштөрдөн болуп калган.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

294 View