В МНУ ПРОВЕДЕНА СПАРТАКИДА ПРОФЕССОРСКО — ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ!

29 марта – 1 апреля сего года в Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) проведена спартакиада профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Спартакиада проведена по таким видам спорта, как волейбол, стритбол (особый вид баскетбола), мини-футбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната и бильярд. Проведение такой спартакиады в МНУ стало доброй и многолетней традицией. Эта спартакиада по счету 28-я! Победителей спартакиады и ее активных игроков ожидают специальные призы (кубки, дипломы, грамоты) и денежные премии. Названное мероприятие сотрудников МНУ ежегодно проходит очень интересно, в духе настоящего спортивного соперничества. Болельщиками являются сами преподаватели и сотрудники, студенты, а также ветераны труда МНУ. 28-спарткиада имела некоторые отличия. Обычно эта спартакиада проводится в период зимних каникул, но из-за карантинных мер в период пандемии коронавируса спартакиаду перевели на конец марта и начало апреля, список соревнований по отдельным видам спорта сократили, на подготовку и тренировки было мало времени. Тем не менее, 28-спартакиада МНУ прошла в духе истинного коллективного спортивного праздника! Кто победил? – дружба, спорт и здоровье коллектива! Желаем преподавателям и сотрудникам МНУ успехов, здоровья и силы в пропаганде здорового образа жизни!

Проректор по внеучебной работе, связям с общественностью и государственному языку, к.филол.н., проф. МНУ Анвар ЖОЛДОШБАЕВ


ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН СПАРТАКИАДАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ!

Үстүбүздөгү жылдын 29-март – 1-апрель күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлдү. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: волейбол, стритбол (баскетболдун өзгөчө бир түрү), мини-футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартышуу жана бильярд. ЭАУда профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин спартакиадасы салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлөт, бул ирет 28-спартакиада уюштурулду. Спартакиаданын байгелүү орундарына жетишкен командалар, активдүү оюнчулар атайын сыйлыктар (кубок, диплом, ардак грамоталар) жана акчалай премиялар менен сыйланып келет. Агай-эжекелердин спорт иш-чарасы абдан кызыктуу, чыныгы атаандаштыкта, күйөрмандардын кызуу колдоосунда өтөт. Күйөрмандардын катарында ЭАУнун агай-эжекелери, студенттери жана эмгек ардагерлери. Бул ирет спраткиадада оюндар тизмеси бир аз кыскартылды. Анткени, таажы илдети учурундагы карантиндик талаптарга байланыштуу кышкы каникул мезгилинде өткөрүлүүчү спартакиада март айынын соңуна, апрель айынын башталышына которулган, спартакиада алдында даярдыкка убакыт аз жана кыска болду. Ошондой болсо да, ЭАУнун 28-спартакиадасы чыныгы спорт майрамы маанайында өткөрүлдү. Ким женди? – жамаат ынтымагы, спорт жана ден соолук! Сергек жашоо ыңгайын жайылткан ЭАУнун агай-эжекелерине күч-кубат!

ЭАУнун окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору, филол.и.к., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

114 View