В МНУ СОСТОЯЛАСЬ ЗАЩИТА ДИССЕРТАЦИИ СОИСКАТЕЛЯ УЧЕНОЙ СТЕПЕНИ КАНДИДАТА ЭКОНОМИЧЕСКИХ НАУК Г.К. ТОЙЧУБЕКОВОЙ

30 октября сего года в Центре научных исследований, разработок и инноваций Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялась защита кандидатской диссертации Тойчубековой Гулянды Каримжановны по специальности 08.00.05 – Экономика и управление народным хозяйством. Тема диссертации: «Приоритетные направления и перспективы развития туризма в южном регионе Кыргызской Республики». Защита состоялась на заседании Диссертационного совета Д 08.20.606 по защите кандидатских и докторских диссертаций по экономическим наукам при МНУ и ОшГУ. Научный руководитель д.э.н., профессор МНУ А.М. Маткеримова. Официальные оппоненты: д.э.н., профессор ЖАГУ А.З. Зулпукаров и к.э.н., доцент ОшГУ Т.И. Турдиев. В названной диссертации были отражены актуальные вопросы и пути развития туристической отрасли юга Кыргызстана. Поздравляем соискателя Г.К. Тойчубекову с успешной защитой кандидатской диссертации! Выражаем большие надежды, что исследования Г.К. Тойчубековой будут использованы в развитии туристической отрасли страны.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ, к.филол.н., проф. МНУ А.С. Жолдошбаев

___________________________________________

ЭАУда ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ ОКУМУШТУУЛУК ДАРАЖАСЫН ИЗДЕНҮҮЧҮ Г.К. ТОЙЧУБЕКОВАНЫН ДИССЕРТАЦИЯСЫ ЖАКТАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда 08.00.05. – Экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиги боюнча Тойчубекова Гүланда Каримжановнанын кандидаттык диссертациясынын жактоосу болуп өттү. Диссертациянын темасы: “Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында туризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана келечеги”. Аталган иш-чара экономика илимдери боюнча кандидаттык жана доктордук диссертацияларды жактоо боюнча ЭАУга, ОшМУга караштуу Д 08.20.606 Диссертациялык кеңешинде болуп өткөн. Илимий жетекчиси э.и.д., ЭАУ профессору А.М. Маткеримова. Расмий оппоненттери: э.и.д., ЖАМУ профессору А.З. Зулпукаров жана э.и.к., ОшМУ доценти Т.И. Турдиев. Аталган диссертацияда Кыргызстандын түштүк аймагында туризм тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери каралып, өнүгүү багыттары сунушталган. Изденүүчү Г.К. Тойчубекованы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактоосу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Г.К. Тойчубекованын илимий изилдөөсү Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүдө пайдалуу болот деп ишенебиз.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы, филол.и.к., ЭАУ проф. А.С. Жолдошбаев

113 View