В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ОТКРЫТИЕ ЦЕНТРА НАУКИ, МЕЖДУНАРОДНЫХ ОТНОШЕНИЙ И ИННОВАЦИОННЫХ ТЕХНОЛОГИЙ ОБУЧЕНИЯ!

14 мая 2021 года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось открытие еще одного центра – Центра науки, международных отношений и инновационно-образовательных технологий. Открытие данного центра подняло еще на один уровень деятельность вуза по продвижению науки, инновационных технологий, по продвижению связей сотрудничества с зарубежными партнерами. При открытии названного центра ректор МНУ, д.э.н., профессор, академик РАМ С.А. Омурзаков пожелал успехов в работе центра, выразил большие надежды с его работой. Проректор по науке, международным связям и инновационно-образовательным технологиям, к.п.н., профессор, член-корреспондент РАМ Т.Т. Омошев выразил благодарность и признательность ректорату, финансово-хозяйственным службам и инженерам Центра информационных технологий за содействие в открытии и организации работы центра. Сразу же после открытия здесь же состоялось заседание кафедры экономики и экономических исследований по обсуждению кандидатской диссертации Г.П. Сартбаевой на соискание ученой степени кандидата экономических наук по специальности 08.00.05 – “Экономика и управление народным хозяйством” на тему “Экономическая реформа и обеспечение эффективности аграрного сектора в современных условиях”.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

___________________________________________________

ЭАУда ИЛИМ, ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ!

            2021-жылдын 14-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) дагы бир иштиктүү борбор ачылды, ал Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары борбору. Бул борбордун ачылышы менен ЭАУда илим, инновация жана тышкы шериктештер менен байланыштар боюнча иш-аракеттер дагы бир деңгээлге жогорулайт десек болот. Борбордун ачылышында ЭАУ ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги С.А. Өмүрзаков окуу жайдын бир катар иштери ушул борбордун ачылышы менен илгерилешин, борбордон көп нерселерди үмүттөнөрүн айтып кетти. ЭАУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректору, п.и.к., профессор, РМА мүчө-корреспонденти Т.Т. Омошев аталган борбордун ачылышына шарт түзүп берген ректоратка, каржы-чарба кызматтарына жана Маалыматтык технологиялар борборунун инженерлерине өз ыраазычылыгын билдирди. Борбордун ачылышы аземинен кийин дароо эле ушул эле жайда экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын отуруму өткөрүлдү. Отурумда Г.П. Сартбаеванын 08.00.05 – “Экономика жана эл чарбасын башкаруу” адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн “Экономикалык реформалар жана азыркы шарттарда агрардык сектордун натыйжалуулугун камсыздоо” темасындагы кандидаттык диссертациясы талкууланды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

91 View