ЭАУда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООНУН СИМУЛЯЦИЯЛЫК МОДЕЛДӨӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын даярдык иш-чаралары жана ПРООН менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 30-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.), т.а. ЭАУда жайгашкан №2106 тилкелик шайлоо комиссиясында, жаштарды тарбиялоо-окутуу максатында шайлоону өткөрүүнүн симуляциялык моделдөөсү уюштурулду. Бул иш-чарага №2106 тилкелик шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ЭАУнун кызматкерлери менен студенттери, ПРООН жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү катышты. Шайлоонун симуляциясы жогорку сапаттык деңгээлде уюштурулуп, шайлоого болгон бардык мыйзамдык ченемдер жана демократиялык талаптар аткарылды десек болот. Бул иш-чара студенттерде чыныгы кызыгууну туудуруп, тарбиялык-окутуучулук максатына жетти. Буйруса, келе жаткан шайлоонун чыныгы уюштурулушу бардык мыйзамдардын жана демократиялык талаптардын сакталуусу менен өткөрүлөт.

ЭАУнун Окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ


В МНУ СОСТОЯЛОСЬ СИМУЛЯЦИОННОЕ МОДЕЛИРОВАНИЕ ВЫБОРОВ ДЕПУТАТОВ В МЕСТНЫЕ КЕНЕШИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Как известно общественности, 11 апреля 2021 года в Кыргызской Республике состоятся выборы в депутаты местных кенешей. В рамках подготовительных мероприятий Центральной избирательной комиссии КР, а также в рамках программы поддержки выборов в Кыргызстане ПРООН и ЮНИСЕФ 30 марта сего года в Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад), где расположена участковая избирательная комиссия №2106, была организована симуляционное моделирование выборов с воспитательно-просветительской целью молодежи. В названной симуляции приняли участие члены участковой избирательной комиссии №2106, сотрудники и студенты МНУ, наблюдатели ПРООН и ЮНИСЕФ. Симуляция выборов была организовано на высоком качественном уровне, все процедуры были соблюдены, симуляция вызвала неподдельный интерес у студентов, организационно-воспитательная цель была достигнута. Надеемся, что сама процедура настоящих выборов пройдет строго в рамках избирательного законодательства и с соблюдением всех демократических требований.

Проректор по внеучебной работе, государственному языку и связям с общественностью, к.филол.н., проф. МНУ Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

44 View