В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ЗАКРЫТИЕ XXVI СТУДЕНЧЕСКОЙ СПАРТАКИАДЫ

25 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось закрытие XXVI студенческой спартакиады среди студентов дневного обучения. Спартакиада проводилась по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, футбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната, а также по таким национальным видам спорта, как тогуз коргоол (настольная интеллектуальная  национальная игра), таяк тартыш (перетягивание палки). В течение нескольких дней в МНУ царил спортивный праздник, витал могучий дух спортивного азарта: несколько команд соревновались за призовые места, болельщики студенты и преподаватели активно поддерживали свои команды, радовались их успехам и переживали в моменты неудач, поражений. В итоге, конечно же, победили дружба и здоровье. Командам, занявшие призовые места, были вручены кубки, дипломы соответствующих степеней и денежные призы. Отдельно были награждены и лучшие игроки по видам спорта. По окончании спартакиады ректорат поблагодарил профессорско-преподавательский состав кафедры физкультуры и спорта, организовавшие этот великолепный спортивный праздник.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


 ЭАУда СТУДЕНТТЕРДИН XXVI СПАРТАКИАДАСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) күндүзгү окуудагы студенттердин XXVI спартакиадасы соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы болду. Спартакиадада волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартыш сыяктуу спорттун салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да мелдештер өткөрүлдү. Спартакиада күндөрү ЭАУда чыныгы спорт майрамы болуп, окуу жайда зор спорт кумары өкүм сүрүп турду: бир нече командалар байгелүү орундар үчүн татаал атаандаштыкта жарышып, алардын күйөрмандары болгон студенттер да, профессор-окутуучулар курамы да өздөрүнүн командаларынын жеңиштерине сүйүнүшүп, жеңилип калган учурларда кубат берип турушту. Натыйжада достук менен ден соолук жеңишти. Байгелүү орундарга жетишкен командаларга кубоктор, тийиштүү даражалары боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мыкты оюнчуларга да өз алдынча сыйлыктар ыйгарылды. Спартакиаданын соңунда ректорат тарабынан ушундай сонун спорт майрамын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн окуу жайдын дене тарбия жана спорт кафедрасына ыраазычылык айтылды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

252 View