Урматтуу мекендештер!

         Саналуу убакытта жаңы 2021-жыл босогобузду аттайт. Бардыгыңыздарды жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм! Эски жылды узатып жатып, өтүп бара жаткан жылга саресеп салсак, 2020-жыл абдан татаал жылдардан болду: дүйнө жүзү боюнча жайылган таажы илдети, ага байланышкан экономикалык каатчылык, бир катар саясий өзгөрүүлөр, өлкөбүздөгү демократиялык багытта жаңылануулар. Ушул шарттарда элибиз кыйынчылыктарга бекем туруштук берип, жаңы жылды ынтымакта, салыштырмалуу оң туруктуулукта тосуп алууда, ийгиликтерибиз жок эмес, өсүш бар, келечегибизди өзүбүз түптөөдөбүз. Элибиз татаал шарттарда айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүн токтотпой, ишин алып кете алды, бардык жарандарыбыз болушунча мекенибиздин өнүгүүсүнө өз салымын кошууда. Ушулардын бардыгын эске алып, келе жаткан жаңы жылыбыздан үмүттөрүбүз чоң, жакынкы жана эртеңки келечекке зор ишенич менен кадам таштайлы. Жаңы жылда мекендештерибизге чың ден соолук, аман-эсенчилик, токчулук менен молчулук, албан-албан ийгиликтерди каалайм! Жакындарыбыз менен аман-эсенчиликте, биргеликте, жыргалчылыкта узак өмүр сүрөлү! Жаңы жыл майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги С.А. Өмүрзаков


Уважаемые соотечественники!

         До нового 2021 года осталось считанное время. От всего сердца поздравляю всех вас с наступающим новым 2021 годом! Провожая старый год, хочу напомнить, что он был нелегким: пандемия коронавируса охватила весь мир, в связи с этим возникли серьезные экономические трудности, в стране произошел ряд политических событий, а также связанные с этим процессы демократических обновлений в стране. В этих сложных условиях наш народ сумел объединиться, найти силы и выстоять перед сложными вызовами времени. В результате всего этого мы в сплоченности, в сравнительной стабильности встречаем новый год. Есть определённые успехи, движение вперед, мы сами строим свое будущее. В сложных условиях не остановилось производство в сельском хозяйстве и в промышленности, граждане страны по мере возможностей вносят свой посильный вклад в развитие страны. Учитывая все это, хочу сказать, что мы возлагаем большие надежды на этот новый год, мы верим в то, что новый год будет хорошим и успешным. В новом году желаю всем вам крепкого здоровья, достатка и новых успехов! Пусть все мы будем счастливы! С Новым Годом, дорогие соотечественники!

Ректор Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова, д.э.н., профессор, академик РАМ С.А. Омурзаков

2601 View