Жалал-Абад шаарында 3-Март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу Күнү жана 5-Март - Ак Калпак Күнү салтанаттуу белгиленди!

Үстүбүздөгү жылдын 3-март күнү областыбыздын борбору Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Аталган майрамдарга арналып шаар боюнча жогорку окуу жайлардын жамааттары, студенттери жөө жүрүш уюштурушту. Жөө жүрүш майрамдык маанайда болуп, жүрүштүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын тууларын, транспаранттарды көтөрүп, баштарына ак калпак кийип, шаардын көчөлөрү боюнча ынтымактуу жана шаңдуу колонналарда басып өтүштү. Жөө жүрүш шаардын борбордук “Эркиндик” аянтына чейин болуп, ал жерде саат 9.00 до Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, область жана шаар жетекчилиги элди куттуктап, майрамдык концерт болду. Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) жамааты жана студенттери да майрамдык иш-чараларга активдүү катышышты. ЭАУнун колоннасын университеттин ректору, Жалал-Абад шаардык Кеңешинин депутаты, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков өзү баштап келди.

Жалпысынан майрамдык иш-чаралар абдан кызыктуу жана шаңдуу маанайда өттү. Майрамыңыздар менен, мекендештер!

ЭАУнун Кесиптик багы берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

В городе Жалал-Абад торжественно отметили 3-Марта - день Государственного Флага Кыргызской Республики и 5-Марта- День Национального Головного Убора - Ак Калпак!

3 марта сего года в городе Жалал-Абад торжественно отметили День государственного флага Кыргызской Республики и День национального головного убора – Ак Калпак. В честь названных праздников по городу был организован марш профессорско-преподавательского состава и студентов вузов. Участники марша шли в национальных головных уборах, несли развевающиеся флаги Кыргызской Республики, транспаранты с праздничными воззваниями. У всех было праздничное настроение, высокий патриотический дух. Участники марша дошли до центральной площади «Эркиндик» («Свобода»), где в 9.00 был торжественно поднят флаг Кыргызской Республики. Руководители области и города поздравили народ с праздником, был организован праздничный концерт. Профессорско-преподавательский состав и студенты Международного университета в г. Жалал-Абад (МНУ) приняли активное участие в праздничных мероприятиях. Ректор университета, депутат Жалал-Абадского городского Кенеша, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков лично возглавил маршевую колонну МНУ.

В целом праздничные мероприятия прошли на «Ура!». С праздником, дорогие соотечественники!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

331 View