Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте профессор-окутуучулар жана кызматкерлер арасындагы спартакиада ийгиликтүү аяктады!

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ)  профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн спартакиада ийгиликтүү аяктады. Спартакиадага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катышып, волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча мелдештер абдан кызуу өттү. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүштү. 5 күн жүргөн спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашты.

Спартакиаданын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды берүүдө ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков  спартакиада боюнча жакшы жыйынтыктарды чыгарып, сергек жашоо ыңгайына үгүттөп, оюндарга активдүү катышкан жетекчилерди, агай-эжекелерди жана кызматкерлерди өзгөчө белгилеп, мактоо сөздөрүн айтты. Бул жолку спартакиада да университет ачылгандан бери келе жаткан жакшы салттардын нугунда, майрамдык маанайда өткөндүгүн баса белгилейбиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Спартакиада среди профессорско-преподавательского состава и сотрудников Международного университета успешно завершена!

26 января сего года успешно завершилась спартакиада среди профессорско-преподавательского состава и сотрудников Жалал-Абадского Международного университета в городе Жалал-Абад (МНУ). В играх спартакиада по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, настольный теннис, шахматы, комбинированные эстафеты, гиревой спорт, бильярд, перетягивание каната, от структурных подразделений МНУ приняли участие 6 команд. Игры прошли в духе настоящего спортивного азарта, в духе командного братства, единства коллектива. Можно уверенно сказать, что праздник спорта в университете состоялся. Все 5 дней спортивный зал МНУ был полон игроков, болельщиков команд.

По окончанию игр были подведены итоги спартакиады, определены лучшие команды, лучшие игроки и болельщики команд. Победителям были вручены кубки, дипломы, грамоты, денежные призы. Подводя итоги спартакиады, ректор МНУ, д.э.н., профессор А.А. Мамасыдков призвал всех к здоровому и активному образу жизни, особо отметил и похвалил руководителей, преподавателей и сотрудников, которые приняли активное участие в спортивных состязаниях спартакиады. Можно уверенно сказать, что и эта спартакиада прошла в духе лучших традиций МНУ и состоялась как настоящий праздник спорта!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

482 View