Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттен спорт кабарлары!

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-март күндөрү Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагы боюнча орто мектептердин окуучулары арасында волейбол боюнча чемпионат өткөрүлдү. Чемпионатка 2000-2003-жылы туулган окуучулар катышты. Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет (ЭАУ) Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынан келген кыздар командаларын тосуп, аталган чемпионат үчүн спорттук базасын белендеп, жаш спортсмендерди өз жатаканасына жайгаштырды. Чемпионаттын оюндары ЭАУнун профессор-окутуучулар курамынын жана студенттеринин зор кызыгуусун туудурду: күйөрмандар көп болду.

Кыздар командалары арасындагы мелдештердин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • I орун – Ош шаарынын кыздар курама командасы;
  • II орун – Сузак районунун кыздар курама командасы;
  • III орун – Баткен шаарынын кыздар курама командасы.

Чемпионатты аталган үч областтын спорттук комитеттери уюштуруп, ЭАУ ректораты алардын демилгесин колдоп, спорттук базасын жана жатаканасын сунуштады. Жалпысынан чемпионат жогорку деңгээлде уюштурулуп, чемпионаттын катышуучулары ЭАУ ректоратына ыраазычылыктарын билдиришти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Спортивные новости от Международного университета в г. Жалал-Абад!

23-24 марта сего года в г. Жалал-Абад проводился чемпионат по волейболу среди учащихся средних школ Южного региона Кыргызской Республики. В чемпионате участвовали ученики 2000-2003 годов рождения. Международный университет в г. Жалал-Абад (МНУ) принял женские волейбольные команды из районов и городов Жалал-Абадской, Ошской и Баткенской областей, предоставил спортивную базу и общежитие. Игры школьных команда привлекли внимание профессорско-преподавательского состава и студентов МНУ: болельщиков было много.

Результаты чемпионата по женским командам были следующие:

  • I место – женская сборная команда г. Ош;
  • II место – женская сборная команда Сузакского района;
  • III место - женская сборная команда г. Баткен.

Организаторами чемпионаты выступили спортивные комитеты названных областей, инициативу которых активно поддержал и ректорат МНУ, предоставив для них свою спортивную базу. В целом, чемпионат прошел на высоком организационном уровне, участники чемпионата выразили благодарность ректорату МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

178 View