Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин ректораты Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрынын 25 жылдык маарекесине катышты

Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыков жана окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., доцент А.С. Жолдошбаев Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрынын 25 жылдык маарекесине катышышты. ЭАУ ректораты театр жетекчилигине жана жамаатына университеттин атынан куттуктоолорду, каалоо-тилектерди айтып, белектерди тапшырды. Маарекенин меймандарына “Театр дүйнөсүнө саякат”, “Кут болсун кесиптик майрамыңыздар!” аттуу программалар тартууланып, андан соң А. Цагареллинин “Ханума” спектакли менен XXV театралдык сезондун ачылышы башталды. Маареке абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү!

Ректорат Международного университета в городе Жалал-Абад принял участие в юбилейном мероприятии в честь 25-летия Жалал-Абадского областного Кыргызского драматического театра имени Барпы Алыкулова

9 ноября сего года ректор Международного университета в городе Жалал-Абад (МНУ), д.э.н., профессор А.А. Мамасыдыков  и проректор по внеучебной работе, государственному языку и связям с общественностью, к.филол.н., доцент А.С. Жолдошбаев приняли участие в юбилейном мероприятии в честь 25-летия Жалал-Абадского областного Кыргызского драматического театра имени Барпы Алыкулова. На юбилейном мероприятии ректорат МНУ поздравил руководство и коллектив театра от имени университета, пожелал новых творческих успехов и вручил подарки. Гостям юбилейного мероприятия были представлены такие программы, как “Театральный мир”, “С профессиональным праздником!”. Вместе с этим, состоялось открытие XXV театрального сезона – был показан спектакль А. Цагарелли “Ханума”. Юбилейное мероприятие театра прошло на высоком уровне, было очень содержательным и интересным!

358 View