Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин студенттери мээримдүүлүк акциясын өткөрүштү

2018-жылдын 28-мартында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин Эл аралык Медициналык колледжинин студенттери Сузак районунун Октябрьское айылындагы Улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып келишти. Алар аталган мекемеге мөмө-жемиштерди, таттуу азыктарды, азык-түлүк жана кийим-кечектерди алып барышкан. Муну менен бирге, бөлмөлөрдө жыйноо-тазалоо иштерин жүргүзүшүп, оорукчандарга бир катар медициналык жана гигиеналык жардамдарын беришти. Өз алдынча баспагандарды коляскалар менен сейилдетишти. Андан кийин аталган мекеменин кароосундагылар үчүн концерт уюштурушту. Мекеменин жетекчилиги жана кароосундагылар ЭАУнун ректоратына, медициналык колледждин дирекциясына терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары келип турууларын өтүнүштү. ЭАУнун Эл аралык колледжинин студенттери да өздөрү уюштурган мээримдүүлүк акциясына ыраазы болушту жана мындай иш-чараларды дагы өткөрүп турууга аракеттенишмекчи.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Благотворительная акция студентов Международного университета в городе  Жалал-Абад

28 марта 2018 года преподаватели и студенты Международного Медицинского колледжа МНУ посетили Социальное учреждение для престарелых граждан и граждан с ограниченными возможностями в селе Октябрьское Сузакского района. Студенты медицинского колледжа привезли для подопечных названного учреждения фрукты, кондитерские изделия и другие продукты питания, а также необходимые вещи. Вместе с этим, они провели генеральную уборку в палатах у подопечных, сделали массаж и растирание лежачим больным, провели ряд медицинских процедур, а также оказали различные гигиенические услуги. Кроме этого, организовали концерт, провели прогулку на колясках для неходячих подопечных.  Дирекция и подопечные названного учреждения были очень довольны, выразили огромную благодарность ректорату МНУ и дирекции колледжа, просили студентов приезжать к ним почаще. Преподаватели и студенты также были довольны своей благотворительной деятельностью, которую будут непременно продолжать и дальше.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

313 View