Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу студенттер!

Ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүттөр менен күтүп, аруу каалоо-тилектер жанданат. Ушуну менен Жаңы жыл майрамы өзгөчөлөнөт. Эч бир майрам мынчалык күтүлбөйт, эч бир майрам мынчалык шаңга да бөлөнбөйт. Ал баарыбыз үчүн айкын сөздөр. Анткени менен биз жыл сайын жаңы жылды утурлап, бири-бирибизге улам-улам жакшылыктарды гана каалап келебиз. Майрам салтына ылайык мен Сиздерди кирип келе жаткан жаңы 2016-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм жана чың ден соолук, узун өмүр, ийгилик, үй-бүлөлүк ынтымак, бакыт-таалай, бейпил турмуш каалайм! Жергебизде ар дайым тынчтык, жыргалчылык өкүм сүрүп, мекенибиз Кыргызстандын экономикасы гүлдөп-өнүгүүсү
үчүн ак кызмат кылалы!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!

ЭИУнун ректору, э.и.д., профессор
К.Ш. Токтомаматов

1159 View

Leave a Comment