Жаштар жумалыгынан кабарлар

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин 10-ноябрь – Кыргыз Республикасынын  жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” иш-чараларынын алкагында шаардын бир катар уюм-мекемелеринин жетекчилери менен Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча билим алган студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушуу университеттин чоң жыйындар залында өткөрүлүп, ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин, Жалал-Абад шаарынын Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын жетекчилери катышышты. Айтылган уюм-мекемелердин жетекчилери студенттерге өздөрү жетектеген уюм-мекемелердин ишмердиги жөнүндө баяндама беришип, узаткан бир топ суроолоруна жеткиликтүү жоопторун кайтарышты. Муну менен бирге, келечектеги кесиптик ишмердикте керектүү тарбия-насаат сөздөрүн айтып, тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Жолугушуу мазмундуу болуп, студенттер үчүн кесиптик багытта пайдалуу түрдө өттү.

Ушул эле жаштар жумалыгынын иш-чаралары алкагында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин студенттери кыргыз элинин тарыхы жана улуттук баалуулуктары боюнча “Билим – күч!” аттуу интеллектуалдык оюнга, “Бизнес-ринг” аттуу бизнес пландардын сынагына жана “Дени сак жаштар – дени сак өлкө!” аттуу улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдешке активдүү катышып, жалпы жана жеке түрдө байгелүү I, II, III орундар үчүн дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Вести молодежной недели

15 ноября сего года в рамках мероприятия «Молодежная неделя» в честь 10 ноября – Дня молодежи Кыргызской Республики и 17 ноября – Всемирного Дня студентов, инициированное Комитетом по делам молодежи мэрии города Жалал-Абад, в большом актовом зале Международного университета г. Жалал-Абад (МНУ) состоялась встреча студентов по направлениям «Экономика», «Менеджмент» названного вуза и руководителей ряда городских организаций и учреждений. На встречу со студентами МНУ пришли руководители Комитета по управлению муниципальной собственностью мэрии г. Жалал-Абад, Жалал-Абадского городского управления Государственной налоговой службы, Жалал-Абадского городского управления по местным налогам и сборам. Руководители, пришедшие на встречу со студентами, рассказали о деятельности своих учреждений, ответили на целый ряд интересных вопросов, дали свои весьма полезные советы и наставления, которые могут пригодиться в завтрашней профессиональной деятельности. Встреча была содержательной и полезной в плане накопления профессионального опыта.

В рамках этой же молодежной недели студенты МНУ приняли активное  участие в интеллектуальной игре «Знания – сила!» по национальной истории и национальным ценностям кыргызского народа, в конкурсе бизнес проектов «Бизнес-ринг», а также в спортивных соревнованиях по национальным видам спорта «Здоровая молодежь – здоровая страна!». Студенты МНУ заняли ряд призовых мест, получили дипломы и денежные премии за I, II и III места в общем и индивидуальных зачетах.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью

212 View