К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студенттери Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышууда!

         Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Милициясынын 95 жылдык маарекесине арналган иш-чаралар алкагындагы Ачык эшиктер күнүнө Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттерин чакырышты. Айтылган иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Юриспруденция” багытындагы студенттери да катышып, милициянын ишмердиги менен кеңири таанышышты. Анын ичинде милициянын атайын багыттагы “Шумкар” кошуунунун аскердик даярдыгын көрүп, Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милиция полковниги К.Н. Жолдошов менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Жалпысынан милициянын ачык эшиктер күнү ЭАУнун “Юриспруденция” багытындагы студенттери үчүн кесиптик багыт берүү иш-чарасы катары абдан кызыктуу жана пайдалуу өткөрүлгөндүгүн белгилеп кетели.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


Студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова активно участвуют в мероприятиях в честь 95-летия Кыргызской Милиции!

25 сентября сего года Управление внутренних дел Жалал-Абадской области в рамках мероприятий в честь 95-летия Милиции Кыргызской Республики провело День открытых дверей, и пригласило студентов высших и средних профессиональных учебных заведений г. Жалал-Абад. В названном мероприятии приняли активное участие и студенты по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ). Студентов МНУ подробно ознакомили с работой милиции по охране законности и правопорядка, в том числе показали военную подготовку полка особого назначения «Шумкар», а также предоставили возможность побеседовать с начальником УВД Жалал-Абадской области, полковником милиции К.Н. Жолдошовым. Хотим отметить, что данное мероприятие было очень интересным и полезным в плане профессиональной ориентации для студентов МНУ по направлению «Юриспруденция».

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30 жылдыгын салтанаттуу белгиледи!

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанатты ЭАУнун ректораты, мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы, Маданий-эстетикалык борбору уюштурушуп, профессор-окутуучулар курамына жана студенттерге майрамдык концерт тартуулашты. Концерттик программа алкагында “Манас” дастанынан үзүндүлөр айтылып, улуттук музыкалык аспаптарда күүлөр ойнолуп, залкар кыргыз акындарынын жана жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуулар менен сахналаштыруулар болуп, кыргыздын мукам ырлары жаңырып, улуттук бийлер, улуттук баалуулуктар тууралуу видео сюжеттер көрсөтүлдү. Жалпысынын мамлекеттик тилге арналган иш-чара зор уюшкандыкта жогорку маданий деңгээлде өткөрүлдү!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова торжественно отметили 30-летие Закона Кыргызской Республики «О государственном языке Кыргызской Республики»!

23 сентября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) провели торжество в честь 30-летия со дня принятия Закона Кыргызской Республики «О государственном языке Кыргызской Республики». Торжество было организовано ректоратом, кафедрой государственного языка и Культурно-эстетическим центром университета. В рамках праздничной концертной программы профессорско-преподавательскому составу и студентам МНУ были представлены отрывки из эпоса «Манас», мелодии на национальных инструментах, номера художественного чтения и сценических постановок из произведений великих кыргызских поэтов и писателей, кыргызские национальные песни и танцы, показаны видео сюжеты о национальных ценностях. В целом юбилейное мероприятие в честь государственного языка было проведено на высоком организационном и культурном уровне!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


21 сентября сего года профессорско-преподавательский состав и студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) приняли активное участие в общегородском субботнике в честь Всемирного Дня чистоты. В рамках этой акции коллектив и студенты МНУ очистили от мусора внутреннюю и прилегающие территории, а также отдельные участки города Жалал-Абад. Каждый участник субботника проникся общей идеей Всемирного дня чистоты и проявил всемерное усердие в наведении чистоты и порядка на своем жизненном пространстве!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамы жана студенттери Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө арналган ишембиликке активдүү катышышты!

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) профессор-окутуучулар курамы жана студенттери Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө арналган жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышышты. Аталган иш-чаранын алкагында ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы жана студенттери окуу жайдын ички жана ага жанаша аймактарды, аны менен бирге Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарын таштандылардан тазалап, айлана-чөйрөсүн иретке келтиришти. Ишембиликтин ар бир катышуучусу Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнүн демилгелерин чын жүрөктөн колдоп, өздөрүнүн аймагында тазалык-тартип үчүн болгон күчүн жумшашты!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More