Студенты МНУ победители интеллектуальной игры!

29 октября сего года студенческая команда «Ойчулдар» («Мыслители») заняла I место в интеллектуальной игре «Дружба университетов», которая была проведена в здании Академии права, бизнеса и образования г. Жалал-Абад. Названная игра проходила в условиях жесткого соперничества, однако студенты МНУ сумели показать высокий уровень интеллекта и одержать победу. Второе место заняла студенческая команда Жалал-Абадского государственного университета, третье место заняла студенческая команда колледжа «Нур». Стоит добавить, что, капитан команды МНУ, председатель Комитета по делам молодежи МНУ Максатбеков Шахсултан был признан лучшим капитаном команды. Пожелаем дальнейших успехов студентам МНУ!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУ студенттери акыл таймаштын жеңүүчүлөрү!

 Үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) “Ойчулдар” аттуу студенттик командасы Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын имаратында өткөрүлгөн “Университеттер достугу” интеллектуалдык оюнунда I орунду ээледи. Акыл таймаш татаал атаандаштыкта өтүп, ЭАУ студенттери жогорку интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алышты. Экинчи орунду Жалал-Абад мамлекеттик университетинин командасы, үчүнчү орунду “Нур” колледжинин командасы ээлешти. Кошумчалап кетели, ЭАУнун “Ойчулдар” командасынын капитаны, ЭАУ Жаштар иштери боюнча комитетинин капитаны Максатбеков Шахсултан “Мыкты капитан” наамына татыктуу болду. ЭАУ студенттерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ЗАКРЫТИЕ XXVI СТУДЕНЧЕСКОЙ СПАРТАКИАДЫ

25 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) состоялось закрытие XXVI студенческой спартакиады среди студентов дневного обучения. Спартакиада проводилась по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, футбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната, а также по таким национальным видам спорта, как тогуз коргоол (настольная интеллектуальная  национальная игра), таяк тартыш (перетягивание палки). В течение нескольких дней в МНУ царил спортивный праздник, витал могучий дух спортивного азарта: несколько команд соревновались за призовые места, болельщики студенты и преподаватели активно поддерживали свои команды, радовались их успехам и переживали в моменты неудач, поражений. В итоге, конечно же, победили дружба и здоровье. Командам, занявшие призовые места, были вручены кубки, дипломы соответствующих степеней и денежные призы. Отдельно были награждены и лучшие игроки по видам спорта. По окончании спартакиады ректорат поблагодарил профессорско-преподавательский состав кафедры физкультуры и спорта, организовавшие этот великолепный спортивный праздник.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


 ЭАУда СТУДЕНТТЕРДИН XXVI СПАРТАКИАДАСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) күндүзгү окуудагы студенттердин XXVI спартакиадасы соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы болду. Спартакиадада волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартыш сыяктуу спорттун салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да мелдештер өткөрүлдү. Спартакиада күндөрү ЭАУда чыныгы спорт майрамы болуп, окуу жайда зор спорт кумары өкүм сүрүп турду: бир нече командалар байгелүү орундар үчүн татаал атаандаштыкта жарышып, алардын күйөрмандары болгон студенттер да, профессор-окутуучулар курамы да өздөрүнүн командаларынын жеңиштерине сүйүнүшүп, жеңилип калган учурларда кубат берип турушту. Натыйжада достук менен ден соолук жеңишти. Байгелүү орундарга жетишкен командаларга кубоктор, тийиштүү даражалары боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мыкты оюнчуларга да өз алдынча сыйлыктар ыйгарылды. Спартакиаданын соңунда ректорат тарабынан ушундай сонун спорт майрамын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн окуу жайдын дене тарбия жана спорт кафедрасына ыраазычылык айтылды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


24 октября текущего года в большом актовом зале Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ) сотрудниками МВД КР была проведена лекция на тему «Особенности экстремистских и террористических организаций и упреждение их деятельности в Кыргызской Республике». Лектором выступил оперативный сотрудник Службы по противодействию экстремизму и незаконной миграции МВД КР, лейтенант милиции М.Ж. Карабаев. Лекция была проведена для преподавателей кафедры юриспруденции и студентов МНУ по направлению «Юриспруденция», а также для студентов Гуманитарно-экономического колледжа МНУ по специальности «Правоведение». Лекция была очень интересной, насыщенной в плане информации по теме, проведена с активным использованием видео-фото материалов. Ректорат и профессорско-преподавательский состав МНУ всегда уделяют серьезное внимание сотрудничеству с правоохранительными органами и правовому воспитанию молодежи. Проведение таких мероприятий предусмотрено Комплексным планом организационно-воспитательной работы МНУ.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


КР ИИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭАУда ЭКСТРЕМИЗМДИН ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ОКУШТУ

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрү жана алардын Кыргыз Республикасындагы аракеттеринин алдын алуу” темасында лекция өткөрүштү. Лекция КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын оперативдик кызматкери, милициянын лейтенанты М.Ж. Карабаев тарабынан өтүлдү. Аталган лекцияга ЭАУнун юриспруденция кафедрасынын окутуучулары жана ЭАУнун “Юриспруденция” багыты боюнча студенттери, о.э. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча студенттери катышты. Лекция темасынын мазмуну боюнча абдан кызыктуу болуп, бир топ видео-фото материалдар көрсөтүлдү. ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы ар дайым укук коргоо органдары менен кызматташууга жана жаштардын укуктук тарбиясына олуттуу көңүл бурушат. Мындай иш-чараларды өткөрүү ЭАУнун Уюштуруу-тарбия иштеринин комплекстүү планында каралган.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


22 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) началась осенняя студенческая спартакиада среди студентов дневного обучения. Старт спартакиаде дал сам ректор МНУ, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков. Названная спартакиада ежегодно проводится с целью привлечения студенческой молодежи к здоровому образу жизни, регулярным занятиям физической культуры и спорта. Вместе с этим, по результатам спартакиады выявляются лучшие спортсмены, которые войду в состав сборных команда МНУ по видам спорта и будут участвовать в межвузовских соревнованиях. Кроме традиционных видов спорта: волейбол, баскетбол, футбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната, будут проводиться соревнования и по национальным видам спорта: тогуз коргоол (настольная интеллектуальная  национальная игра), таяк тартыш (перетягивание палки). Проведение студенческих спартакиад стало доброй традицией вуза, эта спартакиада по счету уже двадцать шестая. Победителей спартакиады ожидают призы, денежные премии. Пожелаем участникам спартакиады МНУ высоких побед, отличных результатов! Пусть победят сильнейшие!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


 ЭАУда СТУДЕНТТЕРДИН XXVI СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ!

Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) күндүзгү окуудагы студенттердин күзгү спартакиадасы башталды. Спартакиаданы ЭАУ ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков өзү ачып берди. Аталган спартакиада студент жаштарды сергек жашоого, дене тарбияга жана спортко үндөө максатында өткөрүлөт. Муну менен бирге, спартакиаданын жыйынтыктары боюнча мыкты студенттер аныкталып, университеттин спорттун түрлөрү боюнча курама командалары тандоо жүргүзүлүп, алар жогорку окуу жайлар арасындагы мелдештерге катышышат. Спартакиадада волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартыш сыяктуу спорттун салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да мелдештер өткөрүлөт. Студенттик спартакиадаларды өткөрүү окуу жайдын мыкты салттарынан болуп калган, бул спартакиада катар саны боюнча жыйырма алтынчысы. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн байгелер жана акчалай сыйлыктар күтөт. ЭАУнун спартакиадасынын катышуучуларына албан-албан ийгиликтерди, жогорку көрсөткүчтөрдү каалайбыз! Мелдештерде күчтүүлөр жеңишсин!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык медициналык колледжинин (ЭАУ ЭАМК) “Медициналык айым иши” адистиги боюнча студенттери Сузак районунун Октябрьское айылындагы Карылар үйүнө колледждин директорунун орун басары С,Я. Сулиеванын жетекчилигинде барып келишти. ЭАУ ЭАМК студенттеринин бул ирет барып келүүсү мээримдүүлүк иш-чараларынын алкагында болуп өттү. ЭАУ ЭАМК студенттери карылар үйүндө алардын төшөк-жууркандарын алмаштырып, бөлмөлөрүн жыйнап, азык-түлүк алып барышкан, анын ичинде таттуу азыктар да. Муну менен бирге, карыларга түшкү тамактанууну уюштурушуп, чакан концерттик программасын да сунушташкан. Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүүчү мээримдүүлүк мазмундагы акция экенин баса белгилеп кетели.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


СТУДЕНТЫ МЕЖДУНАРОДНОГО УНИВЕРСИТЕТА ИМЕНИ К.Ш. ТОКТОМАМАТОВА ПОСЕТИЛИ ДОМ ПРЕСТАРЕЛЫХ

18 октября сего года студенты Международного медицинского колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (ММК МНУ) под руководством заместителя директора колледжа С.Я. Сулиевой посетили Дом престарелых в селе Октябрьское Сузакского района. Визит студентов ММК МНУ по специальности «Сестринское дело» имел благотворительную цель. Студенты ММК МНУ оказали постояльцам дома престарелых медицинскую помощь, поменяли постельные принадлежности, произвели уборку помещений, принесли продукты, в том числе кондитерские изделия, организовали благотворительный обед, а также представили концертную программу. Данная акция, как мы уже сказали, имеет благотворительную цель и проводится студентами ММК ежегодно.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “Доор инсаны Дооронбек Садырбаевдин ишмердүүлүгү” аталышында областтык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын Баатыры, кинорежиссёр, жазуучу, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгына арналган “Доор инсаны Дооронбек Садырбаевдин ишмердүүлүгү” аталышындагы областтык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.У. Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри М.А. Тагаев, Дооронбек Садырбаев атындагы фонддун төрагасы К. Садырбаев, Ноокен районунун акими Э.С. Маматаев, бир катар жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулар курамы, бир нече уюм-мекемелердин жана коомдордун өкүлдөрү чакырылган. Конференцияда Дооронбек Садырбаевдин Кыргыз Республикасынын искусствосуна, маданиятына, адабиятына, коомчулугубуздун өнүгүүсүнө сиңирген эмгегине дагы бир ирет тийиштүү баа берилип, өрнөктүү өмүр баяны үлгү болгондугу баса белгиленди. Катышуучулардын жалпы пикири боюнча конференция ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы тарабынан жогорку деңгээлде уюшулуп, Дооронбек Садырбаевдин элесине зор урмат-сый көрсөтүлдү.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова проведена научно-практическая конференция на тему: «Деятельность эпохальной личности Дооронбека Садырбаева»

17 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) проведена научно-практическая конференция на тему «Деятельность эпохальной личности Дооронбека Садырбаева», посвящённая 80-летию Героя Кыргызской Республики, кинорежиссёра, писателя и общественного деятеля Дооронбека Садырбаева. На конференцию были приглашены Полномочный представитель Правительства Кыргызской Республики по Жалал-Абадской области К.У. Сатыбалдиев, мэр г. Жалал-Абад М.А. Тагаев, председатель фонда имени Дооронбека Садырбаева К. Садырбаев, глава Ноокенского района Э.С. Маматаев, профессорско-преподавательский состав ряда высших учебных заведений, представители различных организаций и общественных объединений. Названная конференция еще раз отметила важность творческой и общественной деятельности Дооронбека Садырбаева, а также его роль в кыргызской культуре,  литературе и  искусстве, а также в развитии общественного движения. По мнению участников, конференция профессорско-преподавательским составом МНУ была проведена на высоком организационном и качественном уровне, чем было ещё  раз оказано достойное внимание многогранной личности Дооронбека Садырбаева.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


В МНУ ТОРЖЕСТВЕННО ОТМЕТИЛИ ДЕНЬ РАБОТНИКОВ ОБРАЗОВАНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ!

5 октября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) торжественно отметили День работников образования Кыргызской Республики. Ректор МНУ, д.э.н., профессор С.А. Омурзаков поздравил коллектив вуза, вручил награды и премии лучшим преподавателям и сотрудникам. Оказали должный почет и ветеранам университета. После поздравлений ректора Культурно-эстетический центр МНУ совместно с кафедрой педагогики и методики преподавания представили праздничную концертную программу. Концертные номера сопровождались фото-видео слайдами, наглядно иллюстрирующие качественную  работу профессорско-преподавательского состава МНУ. Профессиональный праздник работников образования Кыргызской Республики в МНУ отметили на традиционно высоком уровне!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮН САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ БЕЛГИЛЕШТИ!

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгилешти. ЭАУ ректору, э.и.д., профессор С.А. Өмүрзаков университеттин жамаатын куттуктап, мыкты окутуучуларга жана кызматкерлерге сыйлыктарды жана акчалай премияларды берди. Кесиптик майрамды белгилөөгө университеттин ардагерлерине да урмай-сый көрсөтүлдү. Ректордун куттуктоосунан кийин ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы менен биргеликте майрамдык концерттик программаны тартуулашты. Концерттик номерлер ЭАУнун профессор-окутуучулар курамынын сапаттуу педагогикалык ишмердигин жаркын баяндаган фото-видео слайддар менен коштолуп турду. Жалпысынан билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы ЭАУда салттуу түрдө жогорку деңгээлде жана шаңдуу белгиленди!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More