В МНУ СОСТОЯЛАСЬ ВРУЧЕНИЕ ГРАМОТ И БЛАГОДАРСТВЕННЫХ ПИСЕМ ЖАЛАЛ-АБАДСКОЙ ОБЛАСТНОЙ АССОЦИАЦИИ «СЛАВЯНСКАЯ ДИАСПОРА»

28 декабря в зале заседаний ректората Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялась вручение грамот и благодарственных писем студентам и преподавателям МНУ за активное сотрудничество с Жалал-Абадской областной ассоциацией «Славянская диаспора» в вопросах изучения, продвижения русского языка и русской культуры. Для вручения почетных грамот и благодарственных писем МНУ посетили президент Жалал-Абадской областной ассоциации «Славянская диаспора» Виктор Викторович Малюженко и вице-президент этой же ассоциации Николай Анатольевич Шваб. Ректорат и профессорско-преподавательский состав, студенты уже давно активно сотрудничают с этой организацией, в самом вузе обучение осуществляется, вместе с кыргызским и турецким, также на русском языке, как официальном языке Кыргызской Республики. В целом преподаватели МНУ стараются обеспечить качество преподавания на русском языке, а также качество подготовки высококвалифицированных специалистов по профилю «Русский язык и литература» направления «Филологическое образование». Ректор МНУ д.э.н., профессор Сатыбалды Ашымович Омурзаков выразил благодарность представителям названной ассоциации за активное сотрудничество с вузом.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНЫН “СЛАВЯН ДИАСПОРАСЫ” АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ЭАУда АРДАК ГРАМОТАЛАРДЫ ЖАНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 28-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректоратынын жыйындар залында Жалал-Абад областынын “Славян диаспорасы” ассоциациясынын өкүлдөрү ЭАУнун окутуучуларына жана студенттерине орус тилин окуп-үйрөнүүдө жана орус маданиятын жайылтууда жигердүү кызматташкандыгы үчүн ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарын тапшырышты. Ал үчүн ЭАУга аталган уюмдун президенти Виктор Викторович Малюженко жана вице-президенти Николай Анатольевич Шваб келишти. ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери бул уюм менен көптөн бери кызматташып келет. ЭАУда окутуу кыргыз, түрк жана орус тилдеринде жүргүзүлөт, орус тили — өлкөнүн расмий тили. Айтып кетсек, ЭАУнун окутуучулары орус тилинде окутуунун сапатын, “Филологиялык билим берүү” багытындагы “Орус тили жана адабияты” адистиги боюнча окутуунун сапатын камсыздоого болгон аракетин көрүшөт. ЭАУнун ректору э.и.д., профессор Сатыбалды Ашымович Өмүрзаков жогоруда аталган уюмдун өкүлдөрүнө окуу жай менен жигердүү кызматташуусу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип кетти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


О НОВОГОДНЕМ СТУДЕНЧЕСКОМ ВЕЧЕРЕ МНУ

27 декабря сего года в ресторане «Жалал-Абад» состоялся новогодний студенческий вечер Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). Новогодний студенческий вечер был организован Комитетом по делам молодежи МНУ. По программе новогоднего вечера перед студентами выступили молодые эстрадные певцы, танцевальные группы, вечер вела пара отличных ведущих-юмористов, которая организовала различные веселые конкурсы и игры с призами, в числе которых сотовые телефоны. Спонсором выступило ОсОО «Нур Телеком» — крупнейший оператор мобильной связи Кыргызстана О! («Ошка»). Студенты МНУ весело провели праздничный вечер, отлично потанцевали, похвалили праздничное угощение. В целом новогодний вечер студентов МНУ удался. Спасибо Комитету по делам молодежи! Желаем всем студентам МНУ отлично встретить Новый год!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) студенттеринин жаңы жылдык кечеси “Жалал-Абад” ресторанында өткөрүлдү. Аталган жаңы жылдык кечени ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети уюштурду. Программа боюнча жаңы жылдык кечеде ЭАУ студенттеринин алдында жаш эстрада ырчылары заманбап ырларды ырдап, бий топтору бир катар бийлерди аткарып, кечени эки шайдоот-тамашакөй жигиттер алып барышты. Кеченин жүрүшүндө кызыктуу жана тамашалуу оюндар, сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө сонун сыйлыктар берилди. Кеченин демөөрчүсү “Нур Телеком” ЖЧКсы — Кыргызстандын уюлдук байланыш боюнча эң ири оператору О! (“Ошка”) болуп берди. ЭАУ студенттери бул жаңы жылдык кечени абдан жакшы өткөрүшүп, сонун бийлеп, жаңы жылдык дасто рконду да мактап кетишти. Жалпысынан ЭАУ студенттеринин жаңы жылдык кечеси ойдогудай болду. Ал үчүн Жаштар иштери боюнча комитетке чоң рахмат! ЭАУнун бардык студенттерине Жаңы жыл майрамын жакшы тосуп алышын каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


В МНУ ПРОВЕЛИ КОНКУРС ВИДЕОРОЛИКОВ НА ТЕМУ «ПРАВА ЧЕЛОВЕКА В ВИДЕНИИ МОЛОДЕЖИ XXI ВЕКА»

24 декабря в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) в зале заседаний ректората был подведен итог творческого конкурса видеороликов на тему «Права человека в видении молодежи XXI века». В ходе отбора в финал вышли 5 видеороликов. Из них I место занял видеоролик студентов Международного медицинского колледжа МНУ на тему абортов и прав ребенка на жизнь, II место занял видеоролик Института непрерывного открытого образования на тему прав женщин и умыкания невест, III место занял видеоролик Международного Кыргызско-Турецкого института также на тему прав женщин и рукоприкладства в семье. Представленные к конкурсу видеоролики хорошо отразили тему конкурса, проблемные правовые вопросы. Стоит отметить, что видеоролики студентов МНУ отличились важностью проблематики, эстетичностью, качеством операторской работы и режиссерской постановки. Конкурс был организован профессорско-преподавательским составом юридических кафедр МНУ. Победители конкурса были награждены дипломами трех степеней и денежными премиями. Поздравляем победителей названного конкурса с их творческими победами!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Read More


О НОВОГОДНЕЙ ЁЛКЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ СОТРУДНИКОВ МНУ

24 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялась новогодняя детская ёлка для детей сотрудников вуза. Дед Мороз и Снегурочка, а также различные сказочные персонажи поздравили детей с праздником, организовали для них концерт, танцы и различные веселые игры вокруг нарядной ёлки.  Провести новогоднюю ёлку для детей сотрудников помогли студенты-активисты МНУ. Надо отметить, что новогодняя ёлка была очень красивой, а песни, танцы и игры празднично веселыми. В целом новогодняя ёлка была организована на высоком уровне, всем детям понравилась. Желаем детям сотрудников университета и их родителями хорошо встретить и провести новый год! Спасибо студентам-активистам и Культурно-эстетическому центру, а также профсоюзному комитету МНУ за отличную организацию детской новогодней ёлки, за новогодние подарки!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ӨТКӨРҮЛГӨН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад) жыйындар залында окуу жайдын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. ЭАУ кызматкерлеринин балдарын Аяз Ата, Аяз Кыз жана жомоктогу каармандар куттуктап, алар үчүн жаңы жылдык концерт, кооз балатынын айланасында ыр-бийлерди, оюн-зоокторду уюштурушту. Бул иш-чараны уюштурууга ЭАУнун активист студенттери абдан жакшы жардам беришти. Айтып кетиш керек, жаңы жылдык балаты абдан кооз, ыр-бийлер жана оюн-зооктор абдан шаңдуу болду. Жалпысынан жаңы жылдык балаты майрамы катышкан балдарга өтө жагып, алардын ата-энелери өткөрүү деңгээлин мактап кетишти. ЭАУ кызматкерлеринин балдарына жана алардын ата-энелерине жаңы жыл майрамын жакшы тосушун каалайбыз! Окуу жайдын активист-студенттерине, Маданий-эстетикалык борборуна, о.э. кесиптик кошуун комитетине жаңы жылдык балаты майрамын жакшы өткөргөндүгү үчүн, жаңы жылдык белектер үчүн чоң рахмат айтабыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


О НОВОГОДНЕЙ ЁЛКЕ УЧАЩИХСЯ МЕЖДУНАРОДНОГО КЫРГЫЗСКО-ТУРЕЦКОГО ЛИЦЕЯ МНУ

23 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялась новогодняя детская ёлка для учащихся начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея (МКТЛ). На новогодней ёлке учащимся МКТЛ были представлены различные инсценировки на новогоднюю тему с участием Деда Мороза и Снегурочки, а также других сказочных персонажей, дети пели и танцевали вокруг нарядной ёлки. На ёлку были приглашены, и родители учащихся.  Сама праздничная ёлка был красвой и нарядной, на празднике было очень радостно и весело! Мероприятие закончилось фотосессией учащихся и сказочных персонажей. Праздник удался. Пожелаем учащимся и учителям МКТЛ отлично отпраздновать новый год! Благодарим Культурно-эстетический центр МНУ за активное содействие в организации новгодней детской ёлки!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ТҮРК ЛИЦЕЙИНИН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ӨТКӨРҮЛГӨН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад) жыйындар залында окуу жайдын Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин (ЭАКТЛ) башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Балаты майрамында ЭАКТЛ окууучулары үчүн жаңы жыл темасында Аяз Атанын, Аяз Кыздын жана башка жомоктогу каармандардын катышуусунда сахналаштырылган оюндар көрсөтүлүп, балдар шаңдуу ырларды ырдап, балатынын айлана бийлешти. Балаты майрамына окуучулардын ата-энелери да катышты. Иш-чара фото сессия менен аяктады. Жаңы жылдык балаты өзү абдан кооз болуп, балаты майрамы абдан шаңдуу маанайда өтүп, майрамдык иш-чара ойдогудай болду! ЭАКТЛ окуучуларын жана мугалимдерин жаңы жыл майрамы менен куттуктайбыз! Балаты майрамын уюштурууда активдүү жардам берген ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


ЖУРНАЛ «ЖЕТИГЕН» ОБ УСПЕХАХ МНУ ПО ИТОГАМ 2021 ГОДА

Международный университет имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) признан лучшим вузом Кыргызской Республики в 2021 года по итогам популярного республиканского многоотраслевого журнала «Жетиген». Такой выбор был связан с активным развитием вуза в 2021 году: качественный рост профессорско-преподавательского состава, улучшение материально-технической базы, активное сотрудничество с зарубежными партнерами и привлечение объемных иностранных инвестиций. Для не центрального вуза это хорошее достижение! МНУ является одним из первых негосударственных вузов не только Кыргызской Республики, но и стран СНГ. Ректорат и профессорско-преподавательский состав МНУ с 1993 года предоставляет образовательные услуги в сфере высшего профессионального образования. Коллектив вуза принимает все меры по улучшению качества образования. При вуза также функционируют Гуманитарно-экономический колледж, Международный Кыргызско-Турецкий колледж, Международный медицинский колледж, Международный Кыргызско-Турецкий лицей, Дошкольный образовательно-воспитательный центр «Бэмби». Стоит отметить, что МНУ под конец 2021 года также построил отличный крытый спортивный комплекс. Желаем коллективу и студентам МНУ новых успехов в сфере образования!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


2021–ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА “ЖЕТИГЕН” ЖУРНАЛЫ ЭАУ ЖӨНҮНДӨ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ, Жалал-Абад) таанымал “Жетиген” республикалык көп тармактуу журналынын жыйынтыктары боюнча 2021-жылдын мыкты окуу жайы болуп таанылды. Мындай тандоого окуу жайдын 2021-жылы бир катар жакшы жетишкендиктери себеп болду, алар: профессор-окутуучулар курамынын сапаттык өсүшү, материалдык-техникалык базасынын ыкчам өнүгүүсү, чет мамлекеттик шериктештер менен активдүү кызматташуусу жана көлөмдүү инвестициялардын тартылышы. Борбордук эмес окуу жай үчүн бул абдан жакшы көрсөткүчтөр. Эске салсак, ЭАУ Кыргызстандын гана эмес, жалпы КМШ боюнча алгачкы мамлекеттик эмес жогорку окуу жай. ЭАУнун ректораты жана профессор-окутуучуоар курамы 1993-жылдан бери жогорпку кесиптик билим берүү тармагында иштеп келет. Андан бери ЭАУ жамааты сапаттуу билим берүүдө бардык шарттарды түзүүгө жигердүү аракет кылат. ЭАУда Гуманитардык-экономикалык колледж, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи, Эл аралык медициналык колледж, Эл аралык Кыргыз-Түрк длицейи жана Мектепке чейинки таалим-тарбия берүүчү “Бэмби” борбору да бар. 2021-жылдын соңунда ЭАУ үстү жабык жаңы, мыкты спорттук комплексти куруп бүтүүгө да жетишти. ЭАУнун жамаатына жана студенттерине билим берүү тармагында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


СТУДЕНТЫ МНУ ПО НАПРАВЛЕНИЮ «ЮРИСПРУДЕНЦИЯ» ЗАНЯЛИ II МЕСТО В МЕЖВУЗОВСКОЙ КВИЗ-ИГРЕ ПО ПРАВОВЫМ ВОПРОСАМ

15 декабря сего года студенты 2-3 курса по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) заняли II место в межвузовской квиз-игре* на тему гарантированной государственной юридической помощи, организованной Фондом Сороса, Кыргызской Государственной юридической помощью, Национальной сетью НПО за развитие государственной гарантированной юридической помощи в Кыргызской Республике, Общественным Фондом «Человек, право, свобода». В названной игре приняли участие команды из 15 вузов республики. Поздравляем студентов МНУ с призовым местом и желаем им новых побед!

*Квиз (с англ. Quiz) — онлайн-опрос, тест, викторина.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун “ЮРИСПРУДЕНЦИЯ” БАГЫТЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АРАСЫНДАГЫ УКУКТУК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА АКЫЛ ТАЙМАШ ОЮНУНДА II ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) “Юриспруденция” багыты боюнча 2-3-курстарынын студенттери мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам темасында жогорку окуу жайлар арасындагы квиз-оюнунда* II орунду ээлешти. Аталган оюнду Сорос Фонду, Кыргыз мамлекеттик юридикалык жардамы, Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды өнүктүргөн мамлекеттик эмес уюмдардын улуттук тармагы, “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду аттуу уюм-мекемелер уюштурушкан. Бул оюнда республикабыздын 15 жогорку окуу жайынын командалары катышкан. ЭАУнун студенттерин жогоруда аталган байгелүү орунду алышы менен куттуктайбыз жана мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!

*Квиз (англ. Quiz) — онлайн-сурамжылоо, тест, суроо-жооптор сынагы..

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


Уважаемые соотечественники!

Вот и заканчивается год Коровы – 2021-й год, наступает новый — год Тигра, 2022-й. Давайте хорошо проводим уходящий год и будем помнить только хорошее, только успехи, которые достигли вместе и каждый по отдельности в 2021 году. Давайте встретим новый год с добрыми пожеланиями, перспективными планами, чтобы они свершились! От всего сердца поздравляю всех соотечественников с самым ожидаемым, самым чистым, с самым веселым праздником – с Новым Годом! В преддверии этого светлого праздника желаю всем всего самого наилучшего: долгих лет счастливой жизни, крепкого здоровья, достатка, хорошего настроения, материального и духовного богатства, здоровья ваших близких, мира! Пусть новый 2022-й год будет для всех кыргызстанцев годом созидательного труда, высоких помыслов и светлых надежд! С Новым Годом!

Ректор Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова,

д.э.н., профессор, академик РАМ С.А. Омурзаков


Урматтуу мекендештер!

Мына эми 2021 — уй жылы да аяктап, аркасынан 2022 — жолборс жылы келе жатат. Эски жылды жакшы узатып, ийгиликтерибизди гана эстеп, ошолорго кантип жетишкендигибизди гана жыйынтыктайлы. Жакшы ойлор менен, мерчемдер менен жаңы жылда жаңы ийгиликтерге жетишкен бололу. Бардыгыңыздарды келе жаткан эң бир күтүлгөн, эң бир аруу, эң бир шаңдуу Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана ушул жаркын майрамда сиздерге дүйнөдө болгон бардык жакшылыктарды каалайм, алар: бактылуу өмүр, чың ден соолук, аман-эсенчилик жана токчулук, жарык маанай, материалдык жана руханий байлык, жакындарыңыздын аман-эсенчилиги, тынчтык! Жаңы 2022-жыл жалпы Кыргызстан эли үчүн жаратман эмгек, бийик ойлор жана жакшы үмүттөр жылы болсун! Жаңы жылыңыздар менен!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору,

э.и.д., профессор, РМА академиги Сатыбалды Омурзаков

Read More


В МНУ ТОРЖЕСТВЕННО ОТМЕТИЛИ 75-ЛЕТИЕ ПРОФЕССОРА Т.Б. БОРУБАЕВА, ПРОВЕЛИ РЕГИОНАЛЬНУЮ НАУЧНО-ПРАКТИЧЕСКУЮ КОНФЕРЕНЦИЮ

17 декабря сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) торжественно отметили юбилей профессора Таштан Борубаевича Борубаева, а также в рамках юбилейного мероприятия провели региональную научно-практическую конференцию на тему «Педагогика, цифровизация и инновационные технологии». В юбилейных мероприятиях, в работе научно-практической конференции вместе с профессорско-преподавательским составом МНУ приняли участие и представители ряда высших учебных заведений, организаций и учреждений южного региона Кыргызской Республики, в т.ч. ЖАГУ, ОшГУ, КУУ, ОшТУ, ОГПУ, БатГУ, СМУ, Ошского филиала РГСУ. Профессор Т.Б. Борубаев внес значительный личный вклад в развитие отечественной педагогики, в развитие системы высшего профессионального образования южного региона республики. Почти 50 лет он проработал в сфере высшего образования, из них 20 лет в ОшГУ и 28 лет в МНУ. Желаем профессору Таштану Борубаевичу долгих лет жизни, созидательного труда и новых успехов в научно-педагогической деятельности!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда ПРОФЕССОР Т.Б. БӨРҮБАЕВДИН 75-ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИН САЛТАНАТУУ БЕЛГИЛЕШИП, ЧӨЛКӨМДҮК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ  ӨТКӨРҮШТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында К.Ш, Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор Таштан Бөрүбаевич Бөрүбаевдин 75-жылдык маарекесин салтанаттуу түрдө белгилешип, маарекелик иш-чаралардын алкагында “Педагогика, санариптештирүү жана жаңы маалыматтык технологиялар” атуу чөлкөмдүк илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Маарекелик иш-чараларга жана аталган чөлкөмдүк илимий-практикалык конференцияга ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын түштүк чөлкөмүндөгү бир катар жогорку окуу жайлардын, уюм-мекемелердин өкүлдөрү катышты, алардын ичинде ЖАМУ, ОшМУ, КӨУ, ОМПИ, ОшТУ, БатМУ, ЗЭАУ, РМСУнун Оштогу филиалы. Профессор Т.Б. Бөрүбаев өлкөбүздүн педагогика илиминин, жумуриятыбыздын түштүк чөлкөмүндө жогорку билим берүү тутумунун өнүгүүсүнө е зор салымын кошкон, эмгек сиңирге ишмер, илимпоз, педагог инсан катары таанымал. Ал 50 жылдай эмгек жолун жогорку кесиптик билим берүү тармагына арнап, анын ичинде 20 жыл ОшМУда, 28 жыл ЭАУда иштеп келген. Профессор Таштан Бөрүбаевичке узун өмүр, илимий-педагогикалык ишмердигинде жаратмандыкты, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик билим берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More


ЭАУнун ЖАНА “КЕЛЕЧЕК” ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН КЫЗМАТТАШУУСУ, ЭКСКУРСИЯЛЫК САБАКТАРДЫН ӨТКӨРҮЛҮШҮ ЖӨНҮНДӨ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин эсеп-каржы сабактар кафедрасынын 2021-2022-окуу жылындагы программасынын негизинде “Чарбалык ишмердикти талдоо” сабагы боюнча ага  окутуучу, э.и.к.  А.М. Жороева менен окутуучу В.Ж. Ташболотова “Экономика  жана бухгалтердик эсеп” адистигинде билим алган студенттер үчүн теория менен тажрыйбаны айкалыштыруу максатында “Экономикалык талдоонун теориялык негиздери жана натыйжалуу ишкердикти баалоо” аттуу темада практикалык сабакты “Келечек” жабык акционердик коомуна тиешелүү арашан суу чыгаруучу өндүрүштүк ишканасында үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында экскурсиялык сабак  өткөрүштү. Экскурсиялык сабактын жүрүшүндө ЭАУ студенттери “Келечек” ишканасынын техникалык-уюштуруучулук деңгээли, өндүрүштүк продукциянын чыгарылышы,  менеджменти жана маркетингдик саясаты менен таанышып, кеңири маалымат алышты. Экскурсиянын соңунда ЭАУнун эсеп-каржы сабактар кафедрасынын окутуучулары, студенттери “Келечек” ишкананасынын кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Read More