ЭАУда “Чет өлкөдө жумушка орношуу, коопсуз эмгек миграциясы” аттуу маалыматтык иш-чара өткөрүлдү
Үстүбүздөгү жылдын 14-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмү менен Миграциялык ресурстук борбор “Чет өлкөдө жумушка орношуу, коопсуз эмгек миграциясы” темасында маалыматтык иш-чара өткөрүштү. Аталган темадагы маалыматтык иш-чарага студенттер катышып, бир топ маалымат алышып, суроо-жооптор менен алмашышты. Жалпысынан иш-чара абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. ЭАУ ректораты жогоруда аталган бөлүм менен борбордун жетекчилери С.А. Токтосуновго жана Т.Б. Азимовго иш-чараны сапаттуу өткөргөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет! Жогорудагы тема боюнча толук маалымат www.migrant.kg сайтында.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
______________
14 мая текущего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Южное отделение Центра занятости граждан за рубежом Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики, Миграционный ресурсный центр провели информационное мероприятие на тему “Трудоустройство за рубежом, безопасная трудовая миграция”. В названном мероприятии приняли участие студенты МНУ, которым была предоставлена обширная информация по теме мероприятия, состоялся активный обмен вопросами и ответами. В целом мероприятие было очень интересным и содержательным. Ректорат МНУ выражает благодарность руководителям вышеназванного отделения и центра С.А. Токтосунову, Т.Б. Азимову за качественную организацию этого мероприятия! Полная информация по теме на сайте www.migrant.kg
Служба по профориентации и связям с общественностью МНУ